Menu

Улан Саляновдун соттук иши,күбөөлөрдүн жаңы көргөзмөсү

Бөлүшүү:

10 –  октябрда Биринчи май райондук сотунда экс прокурор Аида
Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук процесс болду.
Соттук отурумдан кийин Аида Салянова күбөөлөрдүн бири Олег Тярт сурака
алынгандыгын жана күбөө кылмышка шектүү деп саналган Эрмек
Осмонкуловду акыркы жолу 2017 – жылы ноябрь айында көргөндүгүн айтты.
Күбөө шектелүүчүнү сүрөттөп бере аларын жана эгер көрсө таанырын
айткан.
“  Тергөөчү күбөөдөн Эрмек жогорку кызматтагы адамды жок кылуу
(өлтүрүү)  жөнүндөгү сунуш качан алгандыгын сураганда , күбөө эстей
албастыгын бирок,  былтыр ноябрь айларында ал ага жогору жактан кимдир
бирөөнү жок кылуу жөнүндө сунуш түшкөнүн жана “жок кыла” турган адам
аларга аябай тоскоол болуп жатканын , эгер бул тапшырманы аткара
турган болсо ал адамдар анын кылмыш менен болгон айрым “көйгөйлөрүн”
чечип берүүсүн айткан.  Бирок Эрмек Олег Тяртка акча жөнүндө эч нерсе
айткан эмес ”-, деп Салянова журналисттерге билдирди.
Эске салсак Улан Салянов 2017 – жылы 6 – ноябрда Көк – Жар жаңы
конушундагы  өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан атылып өлтүрүлгөн .
Азыркы күндө кылмышка шектүү деп үч адам кармалган.
– Эрмек Осмонкулов, 1986 – жылы туулган. 2017 – жылы 27 – ноябрда Бишкек шаарында кармалган .
– Асанэмир Абыкулов, 1983 – жылы туулган. 2018 – жылы январь айында
Москва шаарында кармалган. Бүгүнкү күндө экстрадациялоо иши жүрүп
жатат.
– Заур Нассурлаев , 1988 – жылы  туулган, Россия
Федерациясынын жараны.  2018 – жылы  август айында Екатеринбург
шаарында кармалган. Бүгүнкү күндө экстрадациялоо иши жүрүп
жатат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: