Menu

“Бал тил” кыргызча баарлашуу клубу

Бөлүшүү:

«Ушунча жыл кыргыз тилине күйүп келдик, күйгөнүбүздөн далай ирет сындап келдик. Бирок, сындай бергенден пайда жок экен. Андыктан, тилибизди башкаларга эмес, алгач өзүбүзгө сүйдүрүш керекпи?» деген ойлорун Айнагүл Сапарбек кызы менен Нуржан Алымкановалар бизге айтып, агынан жарылышты. Эки кыздын ойлору бир жерден чыгып, «Бал Тил» баарлашуу клубун ачып атыптыр. А жерде «таанышабыз, жүздөшөбүз, баарлашабыз, билгенибизди бышыктайбыз, 90 мүнөт социалдык медиадан оолак болобуз, тилибизди байытабыз, бал жейбиз» дешти.

– Идея кимге таандык, Нуржан, сен айтсаң?

– Бир эле идея бир учурда бир нече адамга келүүсү мүмкүн экени байыртан белгилүү. Көрсө, адамдар бир максатта умтулганда ушундай болот экен. Айнагүл экөөбүз кыргызча талаш сөздөрдү, улам чыккан жаңылыктарды социалдык медиадан талкуулап, ошо менен токтоп калчубуз. Бир жолукканда, кеп баягы эле кыргыз тилиндеги котормолор, түркүн жаңылыкгар, одоно учурларга ооп, акыры сөздөн ишке өтөлү деген ойго келдик. Дароо отуруп, пикирлештер, кызыккандар менен чогулуп, баарлашчу жер болорун, алтургай аталышын «Бал Тил» деп таап, ишке кириштик.

– Эмнеге клуб деп атадыңар?

– Өзүм көп жылдан бери англисче баарлашуу клубуна мүчөмүн, ал көп өлкөлөрдө иш алпарган ыктыярчылардын уюму. Алардын иш алпарган тартиби, шарттары жана натыйжалуу иштегени жагат. Ошол тажрыйбамды «Бал Тилге» колдондум. Клуб – жалаң пикирлештер, бир максатты көздөгөн, бирок түркүн багыттардан келген адамдардын жыйыны. Бизде да ошондой, эң негизгиси, кыргызча суусап тургандар болсо болду.

– Баарлашууга кызыкдар болгон клуб мүчөлөрүнөн акы аласыңарбы?

– Катышууга аргасыз акы өлчөдүк, анткени, чогулуш үчүн бир жай керек, ал жердин ижарасын жапкандай эле символикалык төлөм.

– Клубдун жолугушуусу кандай шартта өтөт?

– Биринчи бөлүктө тандалган соболдун тегерегинде белгилүү бир убакта камдап келген сөзүбүздү айтабыз. Кара сөз менен баяндайсызбы же тизмектеп ыр сапка саласызбы, ак таңдай акындык жайыңыз болео, төгүп да бересизби – ал катышуучунун өз эрки. Болгону, орусча сөз кошпойбуз, берилген мүнөттөрдөн ашырбайбыз, күндеминен четтебейбиз. «Саатчы» убакытты ченейт, «Билерман» орусча же башка тилде айтылган сөздөрдү санайт да, аягында ким канча убакыт сүйлөп, канча орусча сөз кошкону угузулат. Бул кийинки жолу таза сүйлөөгө жардам берчү ыкма. Мыкты сүйлөп, көөнө сөздөрдү мол кошуп, нагыз кыргызча баян курган катышуучуну жашыруун добуш берүү менен аныктайбыз.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө «Сөз сандык» же аңгеме курамай оюну өтөт. Талаш сөздөр жаралса, талкууга алабыз. Кийинки жолугушуунун темасын биргеликге аныктаган соң, бал менен чай же кофе ичип алып тарайбыз.

– Оюн ойногонуңар кызык экен…

– 6-октябрдагы «Сөз сандыктагы» айрым сөздөргө токтолсом. Анда «ак» деген уңгу менен сөз же сөз айкалыштарын жазып жарыштык. «Актын» мааниси кыргыз тилинде түркүн өңүттө колдонулат, сүт азыктарына тиешелүү кеңири сөз айкашы «ак жалгасын». «Ак чебер» деген сөз айтылып калды, анан токтолдук. «Ошондой сөз барбы, болсо эмнени туюндурат?» деп талаша кеттик. Жыйынтыгында, «ак чебер чындап бар болсо, ак азык – сүт менен иштеген адам болмок» деп божомолдодук. Кыска мөөнөттө билген сөздөрдүн баарын эстеп чыгуу – мээге жакшы көнүгүү болот экен.

– Эмнеге айына эки жолу, төрт же бир эмес жана кызыккандар үчүн кошумча маалымат бере кетсең?

– Бул биз үчүн ыктыярчылык иш, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө кошкон тамчыдай болсо да салымыбыз. Айына эки жолу деп эл көнүп, туруктуу катышуучулар чогулгуча баштадык. Эгерде каалоочулар көп болуп, көбүрөөкжолугуу зарыл болсо, ага деле даярбыз. Бирок эң башкы максат – «Бал Тил» өз алдынча клуб катары башка жактарда да, биздин катышуубуз жок эле өтө баштаса да сонун болмок, биз андай иш-чараны колдомокпуз. Клубдун келер-ки жыйыны 17-октябрь күнү Логвиненко 55в, (Фрунзе менен кесилишкен жерде) 220 офисте саат 18:00дөн 20:00гө чейин болот. Тел.: 0555-06-88-33

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: