Menu

Кыргызстанда 1184 жарандын дипломатиялык паспорту бар

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-октябрда КР Тышкы иштер министрлиги акыркы убакта массалык маалымат каражаттарында дипломатиялык паспортторду берүү жана колдонуу жөнүндө ар кандай маалыматтардын тарап жатканынан улам атайын билдирүү таратты.

Анда айтылгандай, азыркы учурда колдонууда 1184 дипломатиялык жана 710 кызматтык тастыкталган паспорттор бар, алардын ичинен 161 Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери ,  чет элдеги кыргыз дипломатиялык мекемелеринин кызматкерлери жана алардын үй бүлөөлөрүнө таандык.

Бирок дипломатиялык паспорттун бар болушу жарандарга чет өлкөлөрдө кол тийбестиктин кепилдиги боло албайт, ал жөн гана кызматтык иш сапарларда чек арадан өтүүдө жана виза алууда женилдиктерди берет. Дипломатиялык кол тийбестикке кызматкер эгерде ал Вена конвенциясына ылайык акредитацияга же Кыргызстандын башка мамлекеттеги ыйгарым укуктуу элчиси болсо гана ээ боло алат.

Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду даярдоо Кыргыз Республикасынын  дипломатиялык жана кызматтык паспорт  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 жылдын 12 июлунда кабыл алынган №384 токтомунун негизинде жүргүзүлөт.

Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор мамлекеттик кызматкерлер үчүн даярдалып, алардын чет өлкөгө болгон расмий сапарлары учурунда гана колдонулат. Токтомго ылайык, паспортторду колдонуу жана сактоо паспортторду жасоого арыз берген  атайын органдын көзөмөлүндө болот. Мамлекеттик кызматкер жумуштан кеткен учурда анын дипломатиялык же кызматтык паспорту аталган органга жок кылынууга жөнөтүлөт.  Эгерде паспорт өз убагында кайтарылбаса, тышкы иштер министрлиги  Чек ара кызматына өлкөдөн чыгуу маалында кызматкердин паспортун алуу тууралуу маалымат жөнөтөт.

Паспортторду колдонуудагы эрежелерди  күчөтүү  максатында Тышкы Иштер Министрлиги тарабынан атайын долбоор иштелип чыгып,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде 2015-жылдын 18-февралында жактырылган. Долбоорго Президент  2015-жылдын 19-мартында кол койгон. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик” кодексинин 387-беренесине  дипломатиялык паспортту берүүдө, колдонууда жана кайтарып берүүдө кетирилген мыйзам бузулаар үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу каралган.

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен эки тараптык мамилелерди түзүүдө  көптөгөн  милдеттер каралат, алардын ичинде дипломатиялык паспорттордун саны, колдонуу жана башкалар.

Паспортторду берүүдө жана колдонууда  эрежелердин күчөтүүсү бир катар мамлекеттер, Венгрия, Индия, Индонезия, Иран, Италия, Катар, Кытай, Макао атайын административдик району, Корея, Кувейт, Малайзия, Монголия, БАЭ, Пакистан,Польша, Румыния, Сербия, Сингапур, Словакия, Туркменистан, Филиппины, Франция, Швейцария, Эстония менен алака түзүүгө шарт түзгөн.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Кыргыз республикасынын премьер министринин буйругуна ылайык дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүүдө жана колдонууда жүргүзгөн иштерин жакшыртат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: