Облустарды, райондорду жоюу маселеси парламентте токтой элек, токтомок турсун күчөп баратат. Андай болсо «120лардын» санын да кыскартуу мезгилдин талабы болмок турсун накта талабы болуп жатканын эл өкүлдөрү эмнеге үн катышпайт?
Облустарды жоюп өкмөт башчысы район башчылары менен түз иштөө тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Абдувахаб Нурбаевдин премьер-министирге берген сунушун, андан кийин парламенттеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулаймановдун «райондорду да жоюп салуу керектиги» тууралуу айткан сунушун да өткөн сандарыбызда жазганбыз. Кызыгы, жогоркудай эле пикирлерди улоо менен эми «Республика-Ата Журт» фракциясынын «ана» башчысы Жыргалбек Турускулов да үн катты. «Чыгымдарды азайтуу зарыл. 2017-жылды эле айтайын, республикалык бюджетибиз чогулганы 135 миллиард сом болсо, анын 80 пайызын айлыкка кетириптирбиз. 94 миллиард сом кайра эле өкмөттүн чыгымына жумшалат экен, ички, сырткы карыздарыбызга 14 миллиард сом бериптирбиз. Бизде өнүгүүгө каражат жок болуп атат. Өлкө өнүгүүсү үчүн сөзсүз түрдө мамлекет ага акча бөлүшү зарыл. Жакында ЖКга өкмөттүн структурасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору сунушталганы турат, биз ал мыйзамды дыкат карап чыгышыбыз керек. Менин жеке пикиримде жети облустун жетекчилерин, 44 райондун акимдерин жоюш керек. Айыл өкмөттөр менен премьер-министр түз иштешсе көйгөйлөр да өкмөт башчыга түз жетет. Канча деген акча үнөмдөлөт. Мен азыр бир аким же бир губернаторго мамлекеттин казынасынан канча каражат кетерин сураштырып жатам. Ошондой эле 400дөн ашуун айыл өкмөтү бар, алардын да санын азайтуу зарыл» деди. Дейт десе эле «дей бергендин» да кичине болсо да бир механизими болуш керек да, мамлекеттин азыркы Конституциясында эң чоң статусу бар премьер-министирдин 453 айыл өкмөтү менен түздөн-түз кантип иш жүргүзө алат?
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ