Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өткөн жумада Казахстандын бардык активдерин чогултуп алып калкына кайрылуу жасады. Бир топко чейин бир топ маселелерди айтты. Кээ бир чиновниктерин жарга катуу эле такады дагы. Ал жыйынды Казахстандын бардык телеканалдары, радиолору бир учурда, бир убакытта обого чыгарып, көгүлтүр экрандан көрсөтүп турду. Казак президенти Назарбаев өз мамлекетинин соода саясатын азуусуз катары баалап, аны активдештирүүгө чакырды. Бул маселе боюнча Кыргызстанды жакшы мааниде үлгү кылып да өттү. «Айланада эмне болуп жатканын карасаңар? Белорусь өзүнүн өндүрүшчүлөрүн кандай колдоодо. Биз Кыргызстандын жолун жапканда эмне болду? Алар күрөштү. Биздикилер болсо унчукпай олтура беришет, жогорку жетекчилик гана талашып-тартышып, жол ачып берерине көнүп калышкан», – деди Казакстандын президенти. Муну менен Назарбаев 2017-жылдын күзүндө, президенттик шайлоо учурунда Кыргызстан менен болгон чек арасын бир айдан ашык убакыт бою жаап салганын, андагы кыргыз өкмөттүн мүчөлөрүнүн, кыргыз коомчулугунун активдүү катмарын айтты окшойт.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ