«…Биздин адамгерчилигибиз улуттук кызыкчылыктын, саясаттын өзөгү болушу керек. Акыйкат, өнүккөн, ар бир адамга татыктуу жашоо тартуулаган дүйнөнү куруу үчүн бирге иштешибиз зарыл!»
(Надия Мурад)
Жер планетасындагы эң салмактуу, даражалуу сыйлыктардын бирден-бири бул Нобель сыйлыгы. Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи ар убакта 10-декабрда Альфред Нобельдин дүйнө салган күнү өткөрүлүп келет. Быйыл Нобельдин «Тынчтык сыйлыгы» эки кишиге тапшырылды. Алардын бири – 25 жаштагы Надия Мурад. Бул сыйлык ага “башынан өткөргөнүн, башкалар көргөн кордукту дүйнөгө айтып берген чечкиндүүлүгү жана эр жүрөктүгү” үчүн ыйгарылганы айтылат. Надия мындан төрт жыл мурун так ушул күндөрү туткунда жаткан. Согушкерлердин барымтасында өткөргөн үч ай ичинде уруп-сабалып, зордукталып, колдон колго сатылган. 2014-жылдын августунда “Ислам мамлекети” террордук тобу Ирактын түндүгүндөгү Синжар шаарын жана анын айланасындагы айылдарды басып алат. Надия ошол тегеректен барымтага алынган 7 миң кыз-келин, аялдардын арасында болчу. Аларды атайын бир жайга алып барышат. Жоочулар аларды белек же товар катары колдонушканын Надия айтып чыкты: «- Башымды көтөрүп, килейген кишини көрдүм. Тимеле түрү суук болчу. Ыйлап ийдим. “Мен өтө жашмын. Сен эңгезердей экенсиң” деп ыйламсырадым…. Аз күн өтпөй ал мени кийинип, боён деди. Ошол ырайымсыз түндө ал «ишин» жасады… Ал мени күн сайын кордочу. Качып кетейин дегенде күзөтчүлөрдүн бири кармап калды. Ошол түнү ал мени дагы сабады. Кийимимди чечүүнү буйруду. Күзөтчүлөрдүн бөлмөсүнө алпарды. Андан кийин алар эс-учумдан танып жыгылгыча зордукташты…»
Ошентип ал өзү айткандай колдон колго өткөрүлүп, бир нече жолу сексуалдык кулчулукка сатылат. Акыры 2014-жылдын ноябрында, үч айлык туткундан качып чыгат. Анан качкындар тобу менен Германияга келип, согуш аймактарында зомбулукка туш болгондордун үнүн дүйнөгө, чечим кабыл алуучу адамдарга жеткирүү үчүн коркпостон, талыкпастан жан үрөйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ