Учурда Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунда кыз ала качуу фактысы боюнча соттук процесс жүрүп жатат. Ал соттук отурумда ошол учурларда коомчулукта катуу резонансты жараткан Бурулай аттуу жап-жаш кызды өлтүрүүгө айыпталган Марс Бөдөшев менен ала качууга жардам берди делген Акмат Сеитовдун иши каралууда. Эскерте кетсек, ушул жылдын 28-майында 30 жаштагы жигит кыз ала качып баратып, милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп жана ошол эле милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынан эч текшерилбестен Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө кармалган жигитти ала качып бараткан кыз менен бирге бир бөлмөдө калтырышып, натыйжада он гүлүнүн бири ачыла элек 20 жаштагы кыз- Бурулай бычакталган. Андан соң тиги жигит өзүнө-өзү кол салган. Ал эми кыз алган жараатынан улам өзүнө келе албай каза болуп калган. Окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси жумуштан айдалып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерлерине дисциплинардык чара көрүлгөн. Соттук отурумда чындык өз ордун табаарына үмүттөрү өчкөнүбү, канкордун колунан мерт кеткен Турдаалы кызы Бурулайдын жакындары айыпталуучудан эки миллион сом компенсация жана Бурулайдын тажыясына сарпталган чыгымды төлөп берүүсүн талап кылууда. Кылмышка шектүү деп кармалган Марс Бөдөшөв болсо күнөөсүн мойнуна албай турат. Айтмакчы, ошол кайгылуу учурларда маркумдун жакындары Бурулайдын көкүрөгүндө «Б +М=» дегендей жазуу болгонун айтып чыгышкан эле. Бирок, аны эмнегедир соттук медициналык экспертиза ырастаган эмес.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ