Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда 10-октябрда мурдагы депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отуруму өттү. Адвокаттар “саясий буюртма” деген мотив кайрадан каралып чыгышы керектигин белгилеп, кылмыш ишин тергөөгө жиберүү өтүнүчүн келтирген. Бирок сот алардын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Эске сала кетсек, 42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип атып кетишкен. Ошто ишкерди карактоого шектүү адам бири парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүүгө катышкан адамдардын бири болуп чыкты. Салянова инисиниң өлүмү “саясий буюртма болушу мүмкүн” деп эсептейт. Милиция кылмышты карактоо катары мүнөздөп келүүдө.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ