Menu

Исакунованын жоопкерчилиги кызматтан кетүү менен гана чектелеби?

Бөлүшүү:

Коомубузда тир укмуш көрүнүштөр орун алууда. Ошол эле маалда аларга карата жоопкерчилик коомчулук сооронгуча эле формалдуу каралып андан соң унутулуп калууда. Алсак, Эмгек жана социалдык коргоо министри Таалайкүл Исакунова кызматтан кетти. Министрликти жеке менчигиндей пайдаланган неме кызматтан кетүү менен эле чектелеби? Эгер укук талаасынын акыйкатына келе турган болсок, жоопкерчиликке тартылышы керек го… Дегеним, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилеринин сапарлары боюнча Башкы прокуратура иликтөө жүргүзгөн. Ага ылайык, министр Таалайкүл Исакунова 2017-жылдан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин 9 жолу (Улуу Британия, Кытай, Орусия (2), Аргентина, АКШ, Швейцария, Сауд Арабия, Литва) сапар жасаганы аныкталган. Бирок Исакунова негедир кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузуп, сапарлардын жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрдү жана отчётторду берген эмес. Мындан тышкары Исакунова иш сапарлары аяктаган соң дипломатиялык паспортторду министрликтин тиешелүү бөлүмүнө өз убагында тапшырбаганы да аныкталган. Бул жоопкерчиликти талап кылабы? Мындай шалаакылык же өзүм билемдик кызматты тапшыруу менен ганачектелип, жабылуу аякжабылып, бармак басты, көз кысты мамилеси аракетке өтөбү?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: