Menu

Президент эмнеге советтик билим берүү системасынан баш тартканын айтты

Бөлүшүү:

11 – октябрда  мугалимдердин  жана билим берүү тармагында эмгектенген адистердин V съезди болуп өттү. Бул съездде Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков катышып, ал өз сөзүндө “Советтик билим берүү системасы ошол кездеги коомдун экономикалык жана социалдык жактан бардык  суроо талаптарына ийгиликтүү жооп берген”,- деп белгиледи. Бул туурасында президенттик басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчысы өз сөзүндө “мындай система” жалпы союз өлкөлөрүндөгү мугалимдерди бириктирип турганын , эгерде  бүгүнкү күндө кайра жаңыртса  билим берүү тармагында жакшы өсүштөр болмок деп кошумчалады.  Президент  “ Бирок андан бери көп нерсе өзгөрдү, саясий өзгөрүүлөр менен чогуу жалпы билим берүү системасындагы баарын чогултуп турган биримдик жоголду, биздин жашообузга базар экономикасы кирип көр нерсени  өзгөрттү. КМШ өлкөлөрү азыркы күндө планетадагы билим берүү системасында “эң жакшы” деген талапка жооп берет бирок, ошонтсе да  бүгүнкү өнүккөн заман жаңы шарттарды коюп турган маал, анткени интеллектуалдаштыруу заманбап жашоонун тендециясына айланды”, – деп баса белгиледи.

ИА REGNUM маалымдагандай азыркы учурда Кыргызстанда 2229 билим берүүчү мектеп бар, анда 1 миллион 123 миң окуучу билим алат. Ошондой эле өлкөдө 56 жогорку билим берүү мекемеси бар.

Эске салсак Кыргыз Республикасынын билим жана илим берүү министрлиги 2017 – жылы жалпы өлкөдөгү мектептерде  окуу планын өзгөрткөн. Өзгөртүүнүн себеби балдарга англис  тилин тереңдетип үйрөтүү. Бийлик башында тургандардын оюу боюнча, мындай жол менен мектепти аяктаган соң окуучуларга Европа мамлекеттеринен билим алуу жеңил болот.

Булак: ИА REGNUM

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: