Бүгүн, 12-октябрда Казакстан Республикасынын айыл чарба министрлиги Кыргызстандын 5 эт өндүргөн ишканасынан эт сатып алууга чектөө койду. Мунун себеби Кыргызстандын мал жандыктарында ар кандай оорулар чыгып жатканында деп билдирет Казакстандын айыл чарба министрлигинин басма сөз катчылыгы.
Мындан сырткары буга чейин 2012-жылы Кыргызстандык 4 эт өндүргөн ишкананадан эт алууга чектөө коюлган. Бул тизмеге ЖЧК “Риха”, ЖАК “Кант нан иштетүүчү заводу”, ЖЧК “Бархад”, ЖЧК “Салих ЛТД” жана ЖЧК “Адал Азык” ишканалары кирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, 9-октябрда Кыргызстан ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Түндүк – Казакстандан келүүчү тоок этинин азыктарын жана тоок жумурткасын өлкө аймагына киргизүүгө убактылуу чектөө койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ