Menu

Өкмөттүн чала кадрлары өздөрүн дагы, премьер-министр Абылгазиевди да уят кылышты

Бөлүшүү:

Акыры социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова жумуштан алынды. Биздин гезит былтырдан бери далай анын жоруктарын жазып келгенбиз. Эч кандай негизи жок балдардын жөлөк пулдарын жакыр кембагалдардан алып, жалпы муктаждыгы каралбастан, депутаты да, миллионери да алсын деген демилгеси — ​элдин кыжырын кайнатты. Ал мыйзамды 2017-жылы шашылыш түрдө өткөзүп, кайра күзүндө тез арада жокко чыгарууга туура келген. Анткени, акчасыз ачка калган миңдеген үй-бүлө көчөгө чыкмак. Мурун телеалыпбаруучу болуп иштеген Лунара Мамытова Исакуновага орун басар болуп дайындалып, “биз депутаттар менен жакшыбыз” деп, заматта ошол элге чыккынчы долбоорду мыйзамдаштырып алышканына далай мактанышкан. Анан эле кышында буларга каршы депутат Аида Касымалиева атырылып чыгып, айтор, ошондон бери айтышып келатышат. Зууракан Каденова “корвалол ичти” деп иштен айдалгандан кийин, Исакунова менен Мамытовалардын чет өлкөгө сапарлары чырга айланды. Миллиондогон социалдык коргоого муктаж эл унутулуп эле, Таалайкүл үй-бүлөсүн Швейцария менен АКШга алып барганы, Лунара инстаграмм баракчасына “ушакташпагыла, пенсияңарга мендей чет өлкөдөн чардасаңар болот” деген мааниде жазып чыкканы элдин кыжырын кайнатты. Эми мына эмесе президент менен премьер экөөнү тең иштен айдоого аргасыз болушту. Бирок муну менен социалдык өнүгүү министрлигинде көйгөй чечилбейт. Исакунова-Каденовалардын эле деңгээлинде иш алып барган “адистер” азыр министрлик, мекемелердин бир далайын жетектеп турушат. Алардын “ийгилигинин сыры” жөнөкөй эле: баланча фракция жетекчинин, партия кожоюндун жакын таанышы, тууганы же досу. Өкмөттүн, жалпы эле жаңы бийликтин кадрдык саясаты ойлонулган эмес. Президент Сооронбай Жээнбеков терең ойлонуп, мыкты жана компетенттүү жетекчилерди дайындап баштабаса, бизде бир дагы реформа ишке ашпайт деп ишеним менен айта алабыз.

Булак: “Жаңы ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: