Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: «Атамбаев өзүнүн тегерегине саясий кылмыштуу «зомби» тобун түзгөн, ал эми КСДП фракциясы булардын эркин жана каалоосун канааттандырып берүүчү парламенттеги топ катары гана кабылданып калган»

Бөлүшүү:

Акыркы мезгилде экс-президенттин кол тийбестик макамын алып салуу маселеси өтө чоң талаш жаратып жатат. ЖМКлар байма-бай бул проблеманын тегерегинде маалыматтарды таратып, аналитикалык материалдарды жарыялап келди. Конституциялык сотто бул маселени дыкат карап чыгып, экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратты. Эми кезек Жогорку Кеңешке келип жетти. Коомчулугубузда мынча талаш жараткан маселенин оош-кыйыштарын талдоо үчүн тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Т. Акеровду кепке тарттык.

— Көптөн бери экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси коомчулуктун бүйүрүн кызытып келатканын, чоң талаш жаратып жатканын баамдасаңыз керек. Биз дагы сиз менен бул маселени талкуулап, анын канчалык зарылдыгын жана маанилүүлүгүн талдап көрсөкпү дедик эле? Айтсаңыз, бүгүн экс-президенттин кол тийбестик макамын алып салуу канчалык маанилүү?

— Бул маселе Акаев доорунан бери эле талаш туудуруп келатат. Экс-президентке бул макамды берүү маселеси эң оболу анын кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин, ага карата душмандары куугунтук кылбоо үчүн киргизилген. Ал кезде президент Акаев жаңы эле өлкө башчы болуп шайланып, анан өзүнүн демократиялык реформалары менен популярдуу болуп жаткан кези эле. Анан көптөгөн ага каршы адамдар, коррупционерлер кийин ал кызматын тапшыргандан кийин аны кысмакка алып, куугунтук кылбасын деп, дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен киргизилген эле. Бирок, бул кийинчерээк Акаевге төрт жолу кайра шайланууга, президенттик институтун, өзүнүн бийлигин бир нече жолу бекемдөөгө шарт түзүп, жардам берди. Өлкө коррупцияга батып, Акаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү, тегерегинин ченемсиз баюусуна шарт түздү. Элдин мүлкү, кредиттер, гранттар таланып-тонолуп кетти. Анан ал бийликтен кол жуугандан кийин, ал экс-президенттин макамына жамынып, мыйзам алдында жооп берүүдөн оңой кутулушун камсыз кылды. Буга баарыбыз күбө болдук.

2005-жылдын 24-мартындагы революциядан кийин бийликке келген К. Бакиев деле экс-президенттик макамынын жардамы менен мыйзам алдында өз кылган кылмыштары үчүн жооп берүүнүн ордуна, акырын «өлкөнү сапырам, кан төгөм» деген тейде билдирип, соодалашып олтуруп, Минскиден баш калкалоо табып, оңой кутулуп кетти. Бакиев деле өз бийлигин мамлекеттин байлыгын, кредит, гранттарды талап тоноо үчүн бекемдеген. Конституцияга каршы келген ЦАРИни түзүп, анын башчылыгына уулу Максимди бекитип, өлкөнүн бүтүндөй экономикасын, финансы, социалдык тармагын уулунун контролуна койгон. Стратегиялык объектилерди сатыкка коюп, электр энергиясына, кол телефондорго чейин тарифтерди көтөрүп, элдин чөнтөгүнө кол салып алып, бийлигинен жылбышкан. Анын режимине көнбөгөндөр жана макул болбогондор өлкөдөн качып чыккан же каардуу жазаланган, ал эми конгондор «бакиевдер» менен бөлүшүп, эптеп аман калууну туура тапкан.

Ошого бүгүнкү коомчулукта жүрүп жаткан маселе өтө курч мүнөздө өтүп жатат. Бирок, президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу бир эле жогорудагы маселелерге байланыштуу болуп жаткан жок. Эң негизгиси биз Акаевдик мезгилдерден бери дүйнө өтө чоң өзгөрүүлөргө дуушар болгондугун эске алышыбыз керек. Акаевдин мезгилинен берки дүйнөлүк процесстерди жана практиканы талдап чыкканыбыз маанилүү. ХХ кылымдын акыркы 10 жылдыгында болуп өткөн социалисттик лагердеги Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү режимдердин жана СССРдин урашы өтө көп жана эбегейсиз чоң байлыктардын кайра бөлүштүрүлүшүн шарттады. Ошого жогорудагы алкакта жайгашкан мамлекеттерде өлкө башчылары, бийликчил саясий элита бийликти сактап калуу үчүн ар түрдүү жаңы режимдерди орнотту. Ал гана эмес, айрымдары өз мөөнөтү бүткөндөн соң да мурдагыдай эле бийлигин жүргүзүүнүн жолун таап, үйүндө диванда жатып алып эле өлкөнү башкара берсе боло тургандыгын даңазалоого жетишти. Мисалы, Польшанын экс-президенти Квашнецкийди алалы. Ал мөөнөтү бүткөндөн кийин деле, үйүндө диванда жатып алып, өлкөнү башкара берген. Квашнецкий аз топ саясатчы менен элдин бийлигин толугу менен монополиялап, аны өзүнүн менчигине айландырып алган.

2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын натыйжасында бийликке келген Атамбаевди да мөөнөтү аяктап баратканда дал ошол Квашнецкийдин үлгүсүндөгүдөй режимди түзгөнү жатат деп айыптап келишти. Мына ошого бүгүн бул маселеге өтө тыкыр мамиле жасалып жатат. Б.а. бүгүн маселе экс-президентти коргоо эмес, тескерисинче, өлкөнүн коррупционер экс-президенти жана анын тегерегинен элдин байлыгын, анын кызыкчылыгын коргоп калуу маанилүү болуп жатат.

— Атамбаевди резиденцияга жатып алып өлкөнү башкарганы жатат деп сындашканы чын. Бирок, ал чын эле, ошого барат беле? Кыязы, мунун баары анын кадр саясатына байланыштуу айтылса керек. Ал өз мезгилинде өзгөчө кызык кадр саясатын жүргүздү. Мисалы, ал бийликке же мамлекеттик чоң кызматтарга өзүнүн шопурун, секретаршасын, жансакчыларын, завхозун алып келгендиги айтылат. Анан калса, өзүнүн шопуру И. Ильмияновду С. Ибраимов менен салыштырып, мактаганы да бар. Бирок, бүгүн болсо, анын тегерегиндеги кадрлар коррупцияга шектелип, көпчүлүгү камалып, сурак берип жатышат. Бул саясат канчалык туура болгон?

— Атамбаевдин кадр саясаты Акаев, Бакиевдикинен эч айырмаланбайт. Акаев аялынын, кызы Берметтин, уулу Айдардын саясатка кийлигишүүлөрүн тыя алган эмес. Бийлик Акаевдердин колуна топтолуп, өлкө коррупциялашкан. Бакиев улуу Максимди, бир туугандары менен башкарган. Аларды эркине койгон. Өлкөдө коррупция күчөп, К. Бакиевдин уулу Максим жана анын бир туугандары өлкөнүн ар бир тармагын бөлүп алып, аларга ээлик кылган. Ал аз келгенсип, ар бир бизнесменди бөлүшкүлө деп кыйнаган. Ж. Бакиевдин «Кыргызстанда бизнес кылуу өтө жеңил. Бакиевдер менен бөлүшүп тур да, каалаган бизнесиңди кыла бер деген «учкул» сөзү эле, Бакиевдердин бизнесмендерге болгон мамилесин ачыктап турат. Атамбаев да аларды туурап, өзүнүн тегерегине аны кыңк этпей уккан, сөзүн айттырбай аткарган сабатсыз жана саясат үч уктаса түшүнө кирбегендерди топтоп алган, ошолордун колу менен бийлик жүргүзгөн. Атамбаевдин чоң саясатка өзүнүн шопурларын, жансакчыларын, секретаршасын, завхозун алып келип, мамлекеттик кадр саясатына чоң залал келтирген. Муну менен ал чоң саясатка билим албай эле келсе болот деген түшүнүктү жайылтты. Билимдүү болуу, Жогорку окуу жайына окуп, талбай эмгектенип кыйналбай эле, бир чоң саясатчынын этегин кармап жүрүп, Ак Үйдүн жетинчи кабатына чейин жетсе болот деген пикирди жаратты. Ошентип Атамбаев мамлекеттик кадр саясатынын ташын талкан кылып, сабаттуу, принципиалдуу мыкты адам болуу принциптерин жана баалуулуктарын жокко чыгарып, коомчулукту деградацияга дуушар кылган.

— Атамбаевге мындай аракеттерге барууга эмне түрткү болгон?

— Кызыл кекиртек. Атамбаевдин жана анын тегерегинин кызыл кекиртектеринин кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн десек туура болот го. 7-апрелде элдин толкуну жана жаштардын кан төгүүлөрү аркылуу бийликке келген Атамбаев мезгилинде бийликке элдин кызыкчылыгы жана алардын мүдөөсүн аткаруу үчүн эмес, тескерисинче бийликти жеке өзүнүн жана тегерегинин кызыкчылыгында пайдалануу үчүн келгендигин даана көрсөттү. Атамбаев мамлекеттик машинаны Акаев-Бакиевдер кандай өз кызыкчылыгында пайдаланса, ал деле дал ошондой эле пайдаланды. Мына дал ошол себептен ал тегерегине жеке өзүнүн каалоосун жана буйруктарын кыйшаюусуз аткара турган сабатсыз, мокок, дилетанттарды чогулткан. Бул биринчиден Атамбаевдин жеке өзүнө конкуренттердин санын азайткан, ошого алар маанилүү жана чоң кызматтарга бекилген. Экинчиден, алар кесиптик дипломдору туура келсе да, келбесе да чоң-чоң кызматтарга дайындалган жана өз кызыкчылыктарында аракеттенишкен. Булар мамлекеттик мүлктү, бюджетти, бизнес проектилерди, кредиттерди жана гранттарды контролго алышкан. Коррупция гүлдөгөн. Үчүнчүдөн, булар оппозицияны ооздуктоо, жок кылуу, анан өзүлөрү жасап жаткан кылмыштарды жаап-жашырууну аткарган (саясий негизде камалгандар, У. Саляновдун өлүмүн алсак болот). Мына эми, коррупция менен күрөш жарыяланаары менен, ар бири коррупциялык негиздеги кылмышка шектүү болуп, суракка алынып, камалып олтурушат. ТЭЦтеги авария экс-президент жана анын тегерегинин бардык пландарын бузуп, булардын кылмыштык жүзүн ачты.

— Анда Атамбаевдин тегереги Бакиевдерден эч нерсеси менен айырмаланбайт десек болот экен да.

— Ооба. Айтып коюучу нерсе Атамбаевдин мезгилинде ал муну каалаганбы, каалаган эмеспи маанилүү эмес, бирок, анын тегерегинде анын каалоосун жана буйруктарын кыйшаюусуз аткарып туруучу саясий кылмыштуу «зомби» тобу түзүлүп калган. Ал эми экс-президент болсо ошол топтун кызматтан кызматка жылуусун, кызыкчылыгын камсыздап, канааттандырып турчунун милдетин аткарып калган. ЖКдагы КСДП фракциясы ошол топтун контролунда жана карамагында калган. КСДП фракциясы булардын эркин жана каалоосун канааттандырып берүүчү парламенттеги топ катары гана кабылданып калган. Мисалы, ал өз мөөнөтү бүтүп жатканда, өзүнүн КСДП партиясын толугу менен ошол өзү түзгөн саясий «зомби» тобуна тапшырып берген. Алар саясий кеңешке киргизилген. Бирок, Атамбаев ошол кезде чоң саясатта аткаруучу аппаратчиктерден мурда, ЖКдагы КСДП фракциясын колдоо маанилүү экенин түшүнгөн эмес. Себеби, ал «зомби» топтун келечеги тууралуу кам көргөн. Ошого ал партия маанилүү деп, саясий кеңешти контролго алып, кийин мөөнөтү бүткөн соң, партиянын лидери болуп алган. Атамбаев жана анын тегереги кийинки парламенттик шайлоолорго активдүү катышып, контролдук пакетке ээ болууну пландашкан. Буларды КСДП фракциясындагы депутаттар эми кызыктырган эмес, алардын баарын кийин критке чаап салышмак да, өзүлөрү парламентке барышмак. Бул коомчулукка белгилүү болуп калган. Мына ошого бүгүн КСДП фракциясы Атамбаевдин контролунан чыгып кетти. Атамбаев КСДП фракциясын мурдагысындай контролго ала алабай жатат.

— Мындан ары саясий окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн.

— Атамбаевди бүгүн эл колдобойт. Бирок, ал бийликтин ката кетирүүсүн күтүп жатат. Экинчиден, ал келээрки парламенттик шайлоолордо КСДП партиясын жетектеп ЖКга кирүүнү көздөп жатат. Албетте, эгер парламентке кире албай калса, башка дагы кирбей калган саясий топторду өзүнө тартып, бийликке проблемаларды жаратышы мүмкүн. Айрымдар ошол абалды пайдаланып, кайрадан революция жасашы мүмкүн деп жатышат. Өлкөдө оор саясий кырдаал түзүлгөн мезгилде, Атамбаевдин кол тийбестик макамына ишенген саясатчылар анын тегерегине чогулушу мүмкүн. Б. а. кол тийбестик чоң саясатка кайтып келген адам үчүн өтө эле маанилүү. Ал салыштырмалуу башкаларга караганда саясий процесстерге жана саясатчылар өзгөчө таасир бере алат. Тегерегине саясатчыларды жана элди чогултууга башкаларга караганда алда канча мүмкүнчүлүгү чоң болот.

— Атамбаевдин кол тийбестигин алып салышса, ал камалып кетпейби?

— Кылмыш кылса жана ал далилденсе, камалып кетиши толук мүмкүн.

Маектешкен Н.КАМБАРАЛИЕВ

Булак: “Жаңы ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: