Menu

Таштандыдан зыян эмес, пайда тапса болот

Бөлүшүү:

Бишкекте күнүнө 400 тоннага жакын таштанды чогулат. Алар шаардан 11,5 км узактыкта жайгашкан полигонго төгүлүп келет. Бул полигонго  48 жылдан бери таштанды таштала берип, небак толуп-ташып чегинен чыгып кеткен.

Таштандыдан бизнес жасаса болот

Учурда дүйнөдө таштандыны кайра иштетип, андан пайда табуу эчак эле жолго коюлган. Бирок бизде бул көйгөй дале курч бойдон турат. Ошондой болсо да, калк арасында таштандыларды кайра иштетип, бир тараптан –  шаар тазалыгына салым кошуп, экинчи тараптан – андан пайда таап, өзүнүн чакан бизнесин жүргүзгөндөр да бар. Алардын бири борбор калааны тазалоого салым кошуп жаткан Бишкек шаарынын тургуну  Алексей Веденев 20 жылдан бери био-таштандыны кайра иштетүү менен алектенет. Ал биогаз технологиясын өз колу менен жасап алган.

“Бул аябай пайдалуу бизнес. Анткени айлана-чөйрөнү тазалоо менен бирге киреше алып келет. Кафелерден биоташтандыларды чогултуп келип, андан биогаз жана жер семирткичтерди алабыз. Аны өзүбүз колдонобуз жана ашканын сатып, киреше табабыз. 1 тонна биоташтадыдан 1 тонна жер семирткич, 150 куб.  газ алса болот. Мындай технологияны мамлекет көбөйтүп, элди  таштандыны ылгап, тагыраагы кагазды өзүнчө, металды өзүнчө, биоташтандыны өзүнчө ыргытууга үндөсө, ишибиз бираз жеңилдемек”,-деди ишкер.

Жылдык кирешесин айткысы келбеген Алексй Веденев башка ишкерлерге да бул бизнести сунуштайт.

“Мен таштандылардан бир-нече кафелерди гана арылтам. А калгандары  болсо, полигондордо сасып,башка таштандылар менен аралашып төгүлүп жатат. Алар жагымсыз жыт, ар турдүү ооруларды жаратат. Эгер бул бизнеске кызыккандар көбөйсө, өзүнө да, өлкөнүн тазалыгына да салымын кошмок”,-деп кошумчалады ал.

Таштанды маселесинин чоо-жайын мыкты билген адис Вечеслав Владимиров да таштандыны иштетип жолдорду оӊдосо, алтургай, кооз эмерек, бышык курулуш материалдарын да жасаса болорун айтат.

“Пластик пакеттер 100-200 жылда жок болот. Аны ээритип жолдун чуңкурларына куйса, цементтен да күчтүү, бышык болот.  Бишкектин таштандыларынын басымдуу бөлүгүн дал ушул полиэтилен пленкасы жана тигүү цехтеринен чыккан синтетика материалдар түзөт. Тигүү цехтери материалдардын кыркындыларын эмне кылаарын билбей өрттөп, абаны булгашат. Андан көрө пленка менен кыркындыларды аралаштырып, алардан эмерек, курулуш материалдарын жасаса болот”.

Тигүү цехтеринен чыккан кыркындылар өрттөлүп, абаны булгоодо

Борбор калаада көп сандаган тигүү цехтери кыркындылар да орчундуу маселелердин бирин жаратат. Тигүү цехтеринин кызматкерлери кыркындыларын Бишкектин чет жакасындагы конуштардын айрым тургундары мончого, кышкысын мешке жакканга отун катары алып кетишерин айтышат. Бул “Тазалык”  муниципиалдык ишканасынын кызматына кайрылып, анүчүн 1000 сом берип кыркындылардан кутулгандан көрө пайдалуу дешет.

“Биздин кичинекей цехибизден эле 3-4 күндө  бир тонна материалдын кыркындылары чыгат. “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын ишчилеринен суранып, 1000 сом берип, таштандыбыздан кутулабыз. Кээде цехтин айланасындагы тургундар үйлөрүн жылытуу үчүн, баняга жагуу үчүн  алып кетишет. Бирок кыркыныдалар каучук сыяктуу күйүп, андан капкара түтүн чыгат, –деди борбор калаада  тигүүчү болуп иштеген Гульмира Абдуллаева.

Таштанды көйгөйүн чечип алган өлкөлөр

Алыска барбай алгач, маданияты, менталилети, коомдук турмушу кыргызстандыктарга окшош Өзбекстан менен Казакстанда таштанды маселеси чоӊ көйгөй жаратпайт.

Өзбекстанда таштандылар 2013-жылдан бери кайра иштетилип келатат. Бул өлкөдө бир нече таштанды иштетүүчү заводдор бар. Мындан тышкары бузулган техникалар да таштандыга ташталбайт. Иштен чыккан турмуш тиричилик техникаларын алган жерине кайра алып баргандар, анын ордуна жаңысын арзандатуу менен сатып ала алышат.

Ал эми Казакстан кеӊ талаалары көп болгондуктан, казакстандыктарга таштанды төккөн полигон жетишсиздиги маселеси туулбайт. Ошондой болсо да, Казакстанда таштандыны кайра иштеткен Астана шаарында өзүнчө завод иштейт. Андан тышкары таштандыдан бизнес жасаган 100дөн ашуун кичи ишканалар да бар.

Бирок бул эки өлкөдө таштандыны сорттоп ыргытуу маданияты калыптанбаганы таштанды иштетүүчүлөр үчүн маселе жаратып келет. Аралаш ыргытылган таштандыларды кайра иштетүү үчүн сорттоо чоӊ эмгекти талап кылган кир жумушка айланат.

Ошондой эле алыскы өнүккөн өлкөлөргө саресеп сала турган болсок, Avfall Sverige маалыматына таянсак, Скандинавия өлкөлөрүнүн ичинен Швеция  таштандынын 99%ы кайра иштетет. Мындан тышкары жылына 700 тонна таштандыны кайра иштетип, пайда табуу үчүн башка өлкөлөрдөн сатып алышат. Таштандылардын 50%ы өрттөлүп, андан электр энергиясы алынат. Калган 50%ы  кайра иштетилет жана полигонго болгону 0,8%ы гана ташталат.

Европа өлкөлөрүнүн бири Германияда таштанды өрттөөчү завод 1896-жылы эле курулган. Немецтер таштандыны сорттоштурууга көнүп калышкан. Негизинен Германияда таштанды төрткө бөлүнөт, бирок бул мекемеге байланыштуу,ошондуктан кээ бир жерлерде 7-8 сортко бөлүнөт. Таштоочтордун түстөрү да ар түрдүү. Мисалы, сары түстөгү таштоочко пластик, күрөң түстөгү таштоочко биоташтанды, көк түстөгүгө кагаз, боз же кара таштоочко болсо, ушулардан тышкаркы бардык таштандылар ыргытылат.

Эгерде таштандылар туура сорттолгон эмес болсо, тазалоочулар таштандыны алып кетпей коюшат, ошондуктан жергиликтүү калк сорттоого дыккатык менен мамиле кылышат. Таштанды сорттолуп алынса, ишчилерге көп кыйынчылык туудурбайт.

Мындан тышкары Германияда дээрлик бардык дүкөндөрдө пластик бөтөлкөлөрдү кабыл алышат. Суусундук алып жатканда 0.25евро ашыкча акча төлөнөт жана бөтөлкөнү кайра алып барса, 0,25 евро кайра берилет.

Таштадынын дээрлик бардык түрү кайра иштетилет. Кайра иштетүүгө мүмкүн болбогон нерселер заводдордун жанындагы чуңкурга төгүлөт. Атмосферага зыян келтирбеши үчүн ал чуңкурдагы таштандынын үстү полиэтилендүү пленка менен жабылат. Жер сууларынан коргоо максатында таштанды төгүүдөн мурда  астына да пленка салынат. Демек, немецтер жаратылышка абдан аяр мамиле кылышат.

Кыргызстанда таштанды иштетүүчү завод 2019-жылы курулуп бүтөт

Кыргызстанда таштанды менен күрөшүү үчүн кайра иштетүүчү завод 2013-жылы Европа  реконструкция жана өнүгүү банкы тарабынан бөлүнгөн 22 миллион еврого курулмак. Бул проекттин башчысы Альмира Гинятуллина 2016-жылдын аягында куруу иштери жыйынтыкталат деп сөз берген.  Бирок, бүгүнкү күнгө чейин куруу иштеринин мөөнөтү создуктурулуп келатат.  Бишкек санитардык муниципалдык ишканасынын директору Болот Асаналиев аталган заводдун 2019-жылы курулуп, ишке кирерин жалпыга маалымат каражаттарында билдиргени бар.

Бирок учурда таштанды маселеси курчуп, чечилиши күн тартибинде күйүп турган кез.

Нурзида Тойгомбаева

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: