Menu

Фото – Түркиянын Улуу Памирине келин болгон Кыргызстандык кыздар

Бөлүшүү:

Түркиядагы Ван облусунун Улуу Памир айылына бул жылы Кыргызстандан 28-келин келип турган учуру. Ал жактагы жашоонун күңгөй-тескейин, артыкчылыктары менен кемчиликтерин келиндерден сурап билдик.

30 жаштагы Наргиза Улуутүрк Баткенде педагогика факультетинде окуган. Ал күйөөсүнүн фамилиясына өтүп, Улуу Памирге келгенине 3 жыл болуптур.

“Мен бул айылды тоолуу аймакта жайгашканынан, эли цивилизациядан артта калган, жашоо шарты төмөн деп божомолдогом. Бирок, эли сабаттуу, маданияттуу, пейили таза, мейманчыл келишет экен. Кызга аябай маани беришет. Жоолуктарынан айырмалашып мамиле жасашат. Мисалы кыз кызыл жоолук салынып турса секелек кыз, ачык кызыл жоолук болсо, никелешип койгон кыз, ак жоолук болсо күйөөсү бар деп түшүнүшүп, сөз айтуудан алыс болушат. Сыйпалатпай тик сүйлөгөндү жактырышат. Эшигин бекитип, ачкычын эшиктин сыртына эле илип койгон адамдарды ушул жактан көрдүм. Көп кыйынчылык көргөнгөбү баарынын баштары бир. Биринин кайгысы экинчисин да каптайт.”

Улуу муун кыргыз салттарын, үрп-адаттарын дагы деле сактап, кыргыз тилинде так сүйлөгөндөрү да бар. Бирок азыркы өсүп келе жаткан жаш муун кыргызча билбей, түрктөшүп кеткендигин айтат Наргиза айым.

“Келгениме үч жылдай болду. Жазында баткак, жайында чаң, кышында суук сөөктөн өтөт. Болбой эле климатынын, жашоо шартынын таасиринен көп нерсе өзгөрөт экен. Мисалы, өзүм кыргыз тил сабагынан мугалим болсом дагы кыргызчам бираз бузулуп баратат. Айтайын дегеним, тил көйгөйү өрчүп турган учуру. Кары-картаңдары кыргызчаны так сүйлөшөт, ал эми жаштары кыргызча сүйлөмөк турсун түшүнүшпөйт. Дагы 20-25 жылдан кийин кыргыз тилинин унутулуп калышы турган иш. Бирок тилге кызыгып, комуз үйрөнүүгө ынтызар болгон жеткинчек балдар аябай көп. Кээде чогулушуп, кыргыз тамгаларын үйрөтүңүзчү деп да келип калышат.”

“Айылыбыз кичинекей болгону үчүн ушак желдей тез тарайт” деген Кызжибек Рахматованын Ванга турмушка чыкканына 5 жылдын жүзү болгон. Айылдагы айтылган айың кептерден айтып берип отурду.

“Памирдеги эң жаман көрүнүштөрдүн бири бул – ушак. Бардыгы эле укканын уккандай, көргөнүн көргөндөй жайып жиберишет. Айылыбыз кичинекей болгону үчүн да ушактар тез эле желдей тарайт. Мени дагы деле “күйөөсү менен түрк жарандыгын алыш үчүн жашап жатат, жарандык алгандан кийин ажырашып кетет” деген сөздөр коштоп жүрөт. Кыргызстандагы ата-энеме барып калсам, “ал жакта кызы бар экен, кызын көргөнү кетиптир” деп сөз чыгарып жиберишет. Айтор, кээде угуп, таң калып, жакамды кармап калам. “Ушактын канаты чоң” дегендей, баары бир бул жел сөздөр үчүн жолдошум менен бираз тартышып, талашып барып токтойбуз.” – дейт Кызжибек айым.

Айыл боюнча арак жок

“Улуулардын колун өпкөн өзгөчө салттары бар. Кыргызстанда келинди кайын агасы деле, агасы деле, кайын атасы деле бетинен өөп учурашат. Ал эми бул жакта кичүүлөрү улууларынын колунан эле өөп койсо улуу урматтын, сый мамиленин белгисин берет. Кыргыздын эски салттарын бекем кармап калышкан. Мисалы, кайын атанын көзүнчө байпагы жок жүрбөш керек, анын астынан өтпөш керек өңдүү. Аялга кол көтөрүү, сөгүү, уруу деген нерсе такыр жок. 35 жыл ичинде бир да бир ажырашкан үй-бүлө болбоптур. Өзүн өлтүргөн же бирөөнү өлтүргөн эч ким болгон эмес. Улуу Памирдин Кыргызстандан айырмасы адамдарынын арак ичпегени, аялды сыйлаганы, эркектеринин ыймандуулугу. Үй-бүлө деген уяны туу туткан, өз ара ынтымакта жашаган Кыргызстанды таба алганым үчүн бактылуумун.” – дейт, таластык келин Алия Эйпхан.

Кыргызстандын эшигин ачкан кыргыз кыздары

“Айылда тигилген бак же салынган жаңы үйлөр жок. Себеби, биз келгенден тарта кетебиз, Кыргызстан бизди алып кетет деген үмүт менен жашадык. Бак тиксек багыбыз, там салсак тамыбыз калып калат деп, 35 жылдан бери айылга жаңы эч нерсе салбадык. Эми, айылдын акыркы чогулушунда бул маселени ортого салып, сүйлөштүк. Санасак 35 жыл жашап коюптурбуз. Эми Кыргызстанга алып кетели деп келишсе да барбайбыз. Биз ал жактын жашоосуна көнө албайбыз. Бирок, төрт тарабыбыз түгөл болуп турса да, жүрөгүбүздөгү “мекен” деген жер бош. Кээ бирлер үчүн Кыргызстандын эшиги жабык. Ал жакка баруу үчүн тууган-туушкан болуш керек. Эмесе Түркия чыгарбайт. Ошондон улам да Кыргызстандан келин алып, келиндин ата-энесине, жакындарына барып, мекендин суусун ичип, сагынычын жазып келгендер арбыды. “Алысты жакын кылган кыз” деген ушул тура.” – дейт, Кыргызстандын Талас областынан кыз алган Мухтар Эйпхан Кошар.

“Келинчегим Рахат менен жашаганыбызга 6 жыл болуп баратат. Жаңы келгенде тил билбегени үчүн сөздүк менен сүйлөшүп жүрдүк. Бирок бара бара бири-бирибизди үн, сөзсүз түшүнө баштадык. Чыныгы бакыт ушул чыгар. Чынын айтканда Кыргызстанда 80 пайыз аялдар иш алып барышат. Карасаң баланы карап, тамак жасап, үйүн жайгарып жатканы, бир карасаң күйөөсүнөн кем калбай акча таап үйүн багып жатканы. Бизде аялды иштетүү деген түшүнүк жок. Көп болуп баратса кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Жасаган буюм-тайымдарын өз ара сатышып, алышып иштей беришет. Үйдөн чыкпаганга Рахат бат тажайт. Жумуш менен бир жакка жөнөп калсам ээрчийт. Анан каражатты бираз көп жумшайт. Тияка барам, бияка барам дегени болбосо эле оокатка тың. Конок күткөндө тамакты түрлөп жасайт. Эркектин көңүлүн тамак менен тапса болот дейбиз го, анын сыңары жубайымдын жасаган тамактарын дагы деле тамшанып жейм.” – дейт Юсуф Улуутүрк.

Асел Шамилова

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: