Menu

Бек Борбиев: Кылыч Султандын “шоусу” Атамбаевдин кадр саясаты канчалык “оорулуу” болгонун далилдеди

Бөлүшүү:

Белгилүү ырчы, коомдук ишмер Бек Борбиев Кыргызстандын Корея республикасындагы экс-элчиси Кылыч Султандын акыркы кадамдарына карата өз пикирин билдирип, Facebook социалдык тармагындагы баракчасына пост жазды:

“Башка мамлекеттен саясий башпаанек алыш үчүн, өлкөңдөгү бийлик менен аёосуз күрөшкөн оппозиционер болушуң керек. Кантип чындык үчүн күрөшкөн оппозиционер болуп көрүнөм деп, бирөө жакындан бери «шоу» көрсөтүп атат. Кылыч Султан деген азаматыбыз, Садыр Жапаровдун түрмөдө отурганын кечээ билип, анын эркиндике чыгуусун дароо талап кылды. Клоун болбосоң коё кал. Атамбаев Садырды камап жатканда неге унчукпай турдун? Түрмөдө бычактап, чала жан кылып койгондо неге бир сөз айткан жоксуң? Өзүң айтпасаң да, гезитиң аркылуу бир сөз айтып койсоң, азыркы сен кылып жаткан «цирк» окшошот беле дейм да.
Атамбаевдин кадр саясаты канчалык «оорулуу» болгонун, ушул окуя далилдеди. Кылыч Султандын акыркы сүйлөгөн сөздөрү, кылган иштери, жазган посттору психика жактан адекваттуу эмес, аябай эле өнүккөн (отклонениясы) бар адам экени даана байкалып турат. Эл аралык денгээлде Кыргызстанды уят кылды. Көп сөз айтканда не, баарын көрүп турасыздар
Оорулуу бийликтин заманы өттү деген жакшы тилектер менен жашай берели достор
Ал эми Кылыч, канча жылдан бери Малайзияга акчаларын алып чыгып, чыкыйтып бизнестерин куруп даярдап коюптур, баары бир кетмек экен. Бир гана ал жактын жарандыгы керек болчу тура. Ошол жарандык үчүн кылган шоуларың ийгиликтүү аяктап, ой максатыңа жетип ал!
P. S. Кылыч, бул жактагы «шефиңди» дагы чакырып алсаң, өлкө тазара түшөт эле..”

Бек Борбиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: