12-октябрда ур-токмокко кабылган 8-класстын окуучусу, 14 жаштагы М.А окуянын чоо-жайын иликтөөчү милиция кызматкерлерине айтып берди. Бул тууралу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучунун айтымына караганда 9-класстын окуучусу М. аны сабаган. Окуя №47-мектептин жанындагы “Жетиген” дүкөнүнүн жанында болгон. Жабырлануучу 9-класстын эки окуучусунун ортосунан дүкөнгө өтүп баратканда капысынан бир окуучуга желкеси тийип кеткен. Натыйжада уруш мушташка айланган.
Ата-энесинин катышуусундагы сурамжылоодо жабырлануучу бала, опузалап акча талап кылуу фактысын тастыктаган жок.
Буга чейин кылмышка шектүү болгон балдардын ата-энеси ИИМде иштешери айтылган. Иликтөөнүн негизинде жабырлануучу жана шектүү баланын ата-энелери ИИМде мурун иштегендиктери аныкталган. Жабырлануучунун атасы Мырзабеков Б. Чүй облусунун милициясында иштеп, 2013-жылы пенсияга чыккан. Ал эми шектүүнүн атасы Кокумбаев Э. 2017-жылы пенсияга чыккан.
Иликтөө иштери ИИМ тарабынан уланууда. Ал эми жабырланган бала №3-ооруканада дарыланып жатат.
Нурзида Тойгомбаева
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ