Бишкек шаарындагы кафелердин биринде эмгектенген официант менен кароолчуну сабап кеткендердин бирөөсү кармалды. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты боюнча Биринчи май райондук милиция башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза колдексинин 234-беренесине ылайык(бейбаштык) кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн негизинде мындан мурун эки жолу соттолгон Чүй облусунун тургуну 51 жаштагы М.М кармалып,убактлуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция кызматкерлери калган эки кылмышкерди издөөнү улантууда.
Эскерте кетсек, 6-октябрда үч белгисиз адам официант менен кароолчуну сабап кетишкен. Жыйынтыгында алар оор жаракат алып, ооруканада дарыланган.
Зөөкүрлөрдөн запкы көргөн официант.
Видеотасма интернеттен алынды – 24.kg
Нурзида Тойгомбаева
Булак:Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ