Menu

Видео – Бакыт Төрөбаев: “Дача СУда кулаган учактагы жүк кимдики? Качан айтасыңар?”

Бөлүшүү:

11-октябрда парламенттик жыйында “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Дача-СУга кулаган учак маселесин көтөрүп чыкты.

“Дача-СУдагы окуя боюнча көп суроолорго жооп  жок. Мисалы, бортто келген адамдардын саны так эмес. Бир адамдын өлүгү табылган эмес. Эмне үчүн  ӨКМ кызматкерлери  окуя болгон жерге 1 саат 40 минут  кире алган эмес. Милиция кызматкерлери учак кулаган жерди курчоого алып,  ӨКМдин куткаруучуларын киргизбей коюптур деп айтып жатышат. Бул кимдин жүгү болгон,  ушул маселе боюнча иликтөө болуп жатабы, качан айтасыңар?”- деди фракциянын лидери Төрөбаев.

Буга Улуттук коопсуздук боюнча  мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрү фактыларды тактап, маалымат берерин айтышты.

Эскерте кетсек, былтыр, 2017-жылы 16-январда Түркиянын “Боинг -747-400” жүк ташуучу учагы Дача-СУ айылына кулап, 39 адам көз жумуп, бир топ турак жай кыйраган. Ал учактагы коммерциялык жүк кимдики экени алигиче ачык айтылбай келет. Ал эми Текебаев баштаган саясатчылар ал жүк контрабандалык негизде ташылган Атамбаевдин жүгү деп чыгышкан.

Нурзида Тойгомбаева

Булак:Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: