Menu

Теңирчиликти диний уюм катары каттоо талабы кайра көтөрүлдү

Бөлүшүү:

Кыргызстанда айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү расмий каттоодон өтмөйүнчө теңирчиликти үгүт кыла албай жатканына нааразы болуп чыгышты.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия эксперттик топтун корутундусуна таянып, теңирчиликти дин катары каттоодон баш тарткан.

Теңирчиликти колдой турганын айткан “Кыргыз эл касиети академиясы” коомдук уюмунун өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, диний уюм катары расмий катталмайынча үгүт жүргүзө албасын айтып, нааразы болушту.

Уюмдун өкүлү Нашарат Жакыпбеков мамлекеттин колдоосу болбогондуктан бир катар илимий иштер, изилдөөлөр жүргүзүлбөй жатканын билдирди.

«Эгерде комиссия каттоого ала турган болсо биринчиден, биз укуктук алкакта кандайдыр күчкө ээ болмокпуз. Экинчиден, кайып илимин кайрадан Жаратканга алып келгенге мүмкүнчүлүк алмакпыз. Мектептер, кандайдыр бир уюмдар ачылмак», — деди Жакыпбеков.

Уюмдун дагы бир мүчөсү Шаршенаалы Кабатегин алар башка диндер катары ири иш-чараларды өткөрө албай жатышканын, кыргыздар ата-бабаларынын байыркы дини – теңирчиликке кайтуу керек экенин, кыргыз философиясы, салт-санаасы унутта калып жатканын белгиледи.

Өлкөдө теңирчиликти дин катары каттоодон өткөрүү демилгеси он жылдан бери көтөрүлүп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: