Menu

Сауд Аравиянын Түркиядагы консулдугунда оппозициялык журналисттин өлтүрүлүшү көптөгөн нааразычылыктарды жаратты

Бөлүшүү:

Түркиядагы Сауд Аравия консулдугунда оппозициялык журналист Жамал Хашукджинин өлтүрүлүшүн казакстандык коомдук ишмер Мурат Телибеков айыптап чыкты. Ал өз чакырыгында мусулмандар 2019-жылы ажылык сапарга баш тартуусун суранган.

Ушундан улам ал Сауд Авариясынын падышасына кат жөнөткөн. “ Бул акылга сыйбаган кылыкты кабыл алуу өтө кыйын. Эгер мурда Сауд Аравиясы жалпы мусулмандардын ыйман шаары болуп эсептелинсе,  азыр бул мамлекеттин сый – урматы бир топ түшүп кетти. Элчиликтин имартында журналисти кыйнап өлтүрүү мындай жорукту дүйнө көрө элек болчу!”- деп белгилеген.

Мындан сырткары ишмер дүйнөдөгү жалпы журналисттерди бул өлкөнүн элчилери менен  сүйлөшүүдө  өтө этият болуп,  жана аталган элчилике куралдуу күзөтсүз кирбөөсүн сурунган.

Баса белгилей кетсек, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп журналисттин өлүмү үчүн Сауд Аравияны аёосуз жазалоо керек деп коркуткан. Азыркы учурда Түркиянын президенти Реджеп Таип Эрдоган бул кылмыш ишти өз көзөмөлүнө алды .

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: