Menu

“Альфа ломбард” кыргыз тилине атайын чыккынчылык жасоодобу?

Бөлүшүү:

Мамлекеттин эң бир бийиктиги, улуттун улуттугу бул тил. Андыктан ар бир улут тилин ардактайт. Мамлекет тилине камкордук көрөт. Бирок, ошол эле тапта мамлекеттин титулдук улутунун жана да мамлекеттик макамы бар тилди маскаралагандар арабыздан чыгып жатканы өкүнүчтүү. Сөз куру болбос үчүн факты келтирели. «Альфа Ломбард» деген күрөөкана бар экен. Эми күрөөкана дегенди жакшы эле түшүнүп калбадыкпы. Кактабай канды соргон неме экенин билсек деле «айла жок бирок, ай лов вью» болуп айланып ошол күрөөканага күнүбүз түшүп калган учурлар аз эмес. Күрөөкана деген бул – элдин канын соруп аткан бирден-бир тармак. Тагыраак айтканда, кыйчалыш, кысталыш учурда батир, автоунаадан баштап алтын-кумүшкө чейин күрөөгө койдуруп туруп акчасын бере коюп, анысын беш эселеп кайтарып алган тармак эмеспи. Мына ошол биз сөз кылып жаткан «Альфа Ломбард» деген жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) жоопкерчиликтен таптакыр алыстап, кыргыздын жерин де кыргыз тилин келекелеген, кемсинткен аракеттерин жасап жатканы өкүнүчтүү. Өздөрүн жарнамалоодо «Ү» тамгасын «У» тамгасы менен жазып, бир эмес, бир нече сүрөт, жарнама-жарыяларын борбордун так ортосуна чапташты. А тургай айрым сөздөрүндө маани маңыз дагы таптакыр бузулуп, талкаланган. Болгондо дагы Ала-Тоо аянтынын Киев көчөсүндөгү аялдамага жармаштырды. Азырынча аларды тескей турган тармак көрүнбөй туру. Арийне, мамлекеттик тил комиссиясы деген жаат буга не деп жооп узатат болду экен?

Нурлан Жукеев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: