Кыргызстандык мушкер Барчынай Узгенбаева 10-ноябрда “ Кожомкул” атындагы спорт ордосунда Өзбекстандык Халида Собирова менен беттешет. Бул тууралуу WEF уюмунун Instagram баракчасында жарыяланды.
Бул жолку мелдешти WEF федерациясы Япониялык REAL FIGHT ARZALET FGC уюму менен чогу өткөрөт. Ага Борбор Азия, Россия, Бразилия, Корея жана Япониянын спортчулары катышары айтылган.
Спортчу Собирова 61 килограмм салмак категориясында Өзбекстандын оксуз кармашуу спорту боюнча чемпион.
Ал эми Барчынай буга чейин Өзбекстандык Шахзода Рахимованы эки ирет утуп алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ