Menu

Сауд Арабиясы АКШга санкциялар менен жооп берерин эскертти

Бөлүшүү:

Сауд Арабиянын Стамбулдагы конусулдугунун алдында өткөн акция. 9-октябрь, 2018-жыл.

Сауд Арабиясы экономикалык дагы, саясий дагы коркутууларга чыдабайт. Бул тууралуу мамлекеттик Saudi Press агенттиги өлкөнүн өкмөтүндөгү өз булактарына таянып кабарлады.

Al Arabia телеканалы ТИМге шилтеме кылып, эгер АКШ санкция киргизсе, Эр-Рияд жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Мурдараак АКШнын президенти эгер журналист Жамал Хашоггинин ыктымал өлүмүнүн артында Сауд Арабиясынын бийлиги турганы аныкталса, Эр-Риядды санкциялар менен катуу жазалоону убадалаган. Ошол эле маалда Трамп падышачылыкка курал сатууга тыюу салынбай турганын белгилеген.

Франс пресс агенттигинин маалыматына караганда, Сауд Арабиянын делегациясы Анкарага учуп барды. Анда Хашоггинин жоголушун иликтөө боюнча эки өлкө өкүлдөрүнүн жумуш тобунун биргелешкен жыйыны өтөт.

Журналист Жамал Хашогги батыш басылмалары менен кызматташып, суид бийлигин сындап келген. Ал Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунун имаратында 2-октябрда жоголгон. Түркия журналист имарат ичинде өлтүрүлгөн деп эсептөөдө. Эр-Рияд бул айыптоолорду четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: