Menu

Трамп: Путин киши өлтүрүүлөргө жана ууландырууларга тиешеси болушу “ыктымал”

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин киши өлтүрүүлөргө жана ууландырууларга катышы болушу ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу Трамп CBS каналына берген интервьюсунда билдирди.

Журналисттин Путин киши өлтүрүүлөргө жана ууландырууларга катышы бар дегенге кошуласызбы деген суроосуна АКШ президенти: “Ооба, мүмкүн катышы бар. Мүмкүн” деген. Трамп мындан тышкары Орусия менен Кытай АКШагы шайлоолорго кийлигишкен болушу ыктымал деп, Пекиндин таасирин “олуттуу чоң көйгөй” атады.

Ошол эле маалда америкалык лидер президенттик шайлоодо Трамп Орусиядан жардам сураган болушу мүмкүн деген божомолдор күлкү келерлик экенин белгилеген.

АКШ августта мурдагы орусиялык тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын Солсбериде ууландырылышына байланыштуу Орусияга санкциялардын биринчи айлампасын киргизген. Вашингтон жана европалык бир нече өлкөлөр Лондондун Скрипалды орус чалгынчылары ууландырган деген бүтүмүн колдошкон. Санкция алкагында электрондук түзүмдөргө, улутуттук коопсуздукка байланыштуу технологияларга мунай жана газга санкциялар киргизилген. Орусия химиялык куралды колдонуудан баш тартууга кепилдик бербегени жана лабораторияларына эл аралык байкоочуларды киргизүүдөн баш тартканы үчүн ноябрда санкциялардын экинчи айлампасы киргизилери күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: