Menu

Гаага соту “РусГидронун” Кыргызстанга $37млн доо арызын кабыл алды

Бөлүшүү:

Орусиялык “РусГидро” компаниясы  Кыргызстандын Өкмөтүнүн үстүнөн  Гаага эл аралык арбитраждык сотуна $37 млн өндүрүп берүү боюнча доо арыз менен кайрылган. Гаага соту Россиялык компаниянын Кыргызстанга доо арызын кабыл алды.

Эске салсак, аталган “РусГидро” компаниясы менен Атамбаевдин бийлиги Жогорку -Нарын ГЭС каскадын куруу жөнүндө долбоорду ишке ашыра алышпай калган.

“РусГидро” компаниясы буга чейинки курулуштун башталышына кеткен чыгымдар $37 млн болду деп каражатын төлөп берүүнү Кыргызстандан талап кылууда. Бул тууралуу  ММКларга Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Азамат Абдыкадыров билдирген.

Буга чейин “РусГидро” Кыргызстан менен $37 млн төлөп берүүнү макулдашуу боюнча жыйынтыксыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Кыргызстан тарап каражаттарды кайтаруудан баш тарткан, себеби ал аталган сумманы өтө көп деп эсептеп, эл аралык аудиттин текшерүүсүн талап кылган, жана ушул маселе да сотто каралат.

Кыргызстан карызды кайтарбай жатканынын дагы бир себеби, бюджетте мындай чоң каражат жок. Аткаминерлер карызды төлөө үчүн жаңы инвестор таап, анын эсебинен кайтарууну ойлошкон, бирок андай инвестор 2016-жылдан бери табылбай жатат.

Айтсак, күмөндүү чехиялык Ligelass Trading компанияcы  бар эле, бирок аны менен кызматташуу коомдук пикирдин басымы алдында токтотулган.

Кыргызстан карызды жаңы инвестордун жоктугунан кайтара албай жаткандыгын “РусГидронун” жетекчиси Николай Шульгинов да айткан.

Азамат Абдыкадыров маселе өкмөттүн  денгээлинде каралаарын, жана Гаагада мындай иштер жылдап чечилерин белгиледи.

Узак башталыш,  тез денонсациялоо.

Кыргызстан менен Орусия Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу тууралуу 2012-жылдын сентябрында макулдашкан. Келишимге  эки өлкөнүн энергетика министрлери  Афтандил Калмамбетов жана Александр Новак  президенттер Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путиндин катышуусунда кол коюшкан.

Экс-президент Алмаз Атамбаев  Владимир Путинге “колдоосу, саясий эрки жана акылмандыгы” үчүн рахмат айтып келген.

$2.5 млнго жалданган “РусГидронун” “кызы”  “Ленгидпроект” компаниясы үч ай ичинде долбоордун жалпы баасын $727 млн го баалаган. Кийинчереек бул баа дагы жетпээрин айтып чыккан. Долбоорду  реализациялоого “РусГидро” ААК  менен “Электр Станциялар” ААК  биргеликте  “Жогорку-Нарын Гидроэлектрстанциялар” ишканасын түзүшкөн. Жетекчилер  кеңеши РФтин эки жана КР бир өкүлүнөн турган.   Маселеллер көпчүлүктүн добушу менен, башкача айтканда  РФ тарабынан чечилген.

Долбоорду  реализациялоону баштоо өтө узак мөөнөт- 3 жылга  созулган. Бул эки себептен болгон – Кыргызстан жер, Орусия  акча бөлүп берүүнү  кармаган. Бул убакыт ичинде жүргөн даярдык иштерине $37млн сарпталган, дал ушул каражаттарды  кайтарууну “РусГидро” талап кылууда.

2015-жылдын декарбрында Алмазбек Атамбаев Орусияда  нефтке болгон баалардын төмөндөшү жана батыш өлкөлөрү койгон санкциялардан улам өлкөнүн экономикасы  түшүп кеткенине байланыштуу,  Кыргызстан келишимден чыгып, жаңы инвесторлорду издеши керектигин, бул тууралуу ал Владимир Путин менен сүйлөшүп, ал түшүнүү менен кабыл алганын  айтып чыккан.

“ Келишимди  Орусия тарап  обьективдик себептерден улам аткара албайт”-, деп айткан Атамбаев.

Бирок  каржы көйгөйлөрү тууралуу бул сөздөрдү  Орусиянын Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дароо четке каккан.

Келишимден чыгуу тууралуу жарылыкты Атамбаев бир айдан соң, 24-декабрда угузган, көп өтпөй  2016-жылдын 20 январында Өкмөт бир тараптык негизде Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жөнүндө  келишимди денонсациялаган,  Атамбаев ага ошол күнү эле кол койгон.

Кыргызстан $37млнду эмне үчүн кайтаргысы келбейт?

Келишимге ылайык Кыргызстан каражаттарды кайтарууга тийиш. Буга Кыргызстан тарап жалпы жонунан макул, бирок кайтарууга каражат жок, инвестор да жок, Өкмөт менен Жогорку Кеңеш болсо талап кылынып жаткан акча өз баасынан бир топ өйдө экенин айтууда.

Кыргызстан тарап эл аралык аудиттин негизинде текшерүү өткөрүүнү талап кылууда, бирок Орусия тарап буга караманча каршы, жөн гана каражаттын кайтарылышын суроодо. Чыр чатактын чыгышы ушунда.

Кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: