Menu

Акыркы 9 ай ичинде мамлекеттик бюджет 106,9 млрд сомду түздү

Бөлүшүү:

2018 – жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки  жалпы мамлекеттин бюджети 106 млрд 924,4 млн сомду түздү. Бул туурасында Каржы министрлиги маалымдайт.

Коюлган пландан түшкөн киреше жалпысынан 99,7% же кирбей калган сумма 345,5 млн сомду түздү. Маалымдагандай быйылкы жылдын эсеби 2017 – жылга салыштырмалуу 46,8 млн сомго түшүп кеткен.

Эгерде мамлекеттик инвестициялык гранттарды жана атайын эсептегич каражаттарды эсепке албаганда  анда жалпы кирешенин планы 100,2 % га  аткарылды деп айтууга болот. Бул көрсөткүч 2017 – жылдын жалпы граттардан кирген кирешеден 801,1 млн сомго же 0,8% га көтөрүлгөн.

Бул 9 ай ичинде салыктан түшкөн каражат 85 млрд 209,5 сомду түзгөн, же пландын 99,9% аткарылган (сумма түшкөнгө чейинки каражат 97,6 млн сом). Былтыркы жылга караганда бул көрсөткүч 11 млрд 376 млн сомго же 15,4% га өскөн.

Мамлекеттик бажы кызматы бул убакыт ичинде план боюнча  30 млрд 840,7 млн сомду же 100,3% га камсыздандырылган.  Ал эми 2017 -жылдагы бул көрсөткүч 126,9% ды  түзгөн.

Булак:KyrgyzTuday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: