Кечээ 15-октябрь күнү Биринчи май райондук соту Каныбек Осмоналиевге тагылган айыптар боюнча далдилдер жок болгондугуна байланыштуу аны толугу менен актаган чечим чыгарды.
Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмил Каниметовдун айтымында Осмоналиевге коюлган айыптар боюнча далил табылган жок.
”Сот процессинде “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды” деген айып далилденген жок жана анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды. Анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил каты соттун чечими күчүнө киргенден кийин жокко чыгарлат”- деди Осмоналиев.
Эскерте кетсек, Каныбек Осмоналиевге карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 2014-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш иши козголгон.
Бирок, эксперттер Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши Атамбаевдик режимди сындап койгондугу үчүн өч алуу максатында козголгонун айтып жүрүшчү.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ