Menu

Ташкентте турмушка чыгуудан баш тарткан аял сабалды

Бөлүшүү:

Камола Абдуллаева.

Ташкентте №2 ооруканада иштеген медайым Камола Абдуллаева күйөөгө тийүүдөн баш тартканы үчүн ур-токмокко кабылды. Бул тууралуу укук коргоочу Елена Урлаева билдирди.

​Маалыматтарга караганда, медайымга анын апасы Карима Курманова менен Мурат жана Батыр аттуу эки киши кол салган. Алар Камоланы башка көзгө койгулашып, оозун скотч менен чаптоого аракет жасашкан.

Жабырлануучу өмүрүндө экинчи жолу көргөн Мурат аттуу кишиге турмушка чыгуудан баш тартканы үчүн өкүмзордукка кабылганын билдирди. Камоланын апасы Карима Курбанова кызын күйөөгө тийүүгө мажбурлап, 11-сентябрда нике кыйдыруу үчүн үйүнө молдо чакырган. Бирок кыз турмушка чыгууга көнгөн эмес. Ыңгайы келгенде кыз үйдөн качып чыккан.

Камоланын айтымында, апасы анын паспортун жана башка документтерин алып, “болочоктогу күйөөсү” Муратка берип койгон. Карима Курбанова кургак учук диспансеринде дарыгер болуп иштейт. Укук коргоочу Елена Урлаева милицияга жана “Тез жардамга” чалган. Дарыгерлер Камолага “Баш мээси чайкалган, желкеси көгөргөн, гипертония белгилери бар” деген диагноз коюшкан.

Укук коргоочу Камола Абдуллаеванын сабалышы боюнча милицияга арыз жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: