Menu

Абдылдаевдин ордун Отунбаев басабы?

Бөлүшүү:

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан кетти. Эрлан мырза дээрлик 6 жыл бир орунда былкылдабай отуруп, 6 премьер-министр менен иштешти. Эгер Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы коррупцияга байланышкан схемалар тууралуу айтып чыкпаганда, «карышкыр ток, кой аман» болуп иштей бермек окшойт. Абдылдаевдин тушунда Кытай өлкөсү менен болгон мамиле жогорку деңгээлге чыкты. Кытайга болгон карыз өстү. Кыргызстанда Кытай жарандарынын саны артты. Кытайларга турмушка чыккан кыргыз кыздары көбөйдү. Экс-министрдин негизги эмгеги ушул болду. Ал эми учурда Тышкы иштер министри ким болот дегенде, эки кишинин ысымы өзгөчө белгиленүүдө. Россия менен Армениядагы элчи Болот Отунбаев менен мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов татыктуу экени айтылууда. Бийлик болсо Болот Отунбаевге басым коёору кеп болуп жатат.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: