Москва шаарында Кыргызстандык жаран бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Маркум Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун тургуну, 1999-жылы туулган А.Ж экендиги аныкталды. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 13-октябрь күнү түндө болгон. Анда маркум шаардагы “Кузьминки” метросунда балдар менен мушташа кетип, бычакталып ооруканага жеткирилип, эртеси күнү жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Учурда кылмышка шектүүлөр кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган факт боюнча Кузьминки райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми сөөктү Кыргызстанга жеткирүү үчүн Орусиядагы мекендештер тарабынан акча каражаты чогултулууда.
Булак: Kyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ