Menu

Ташкентте Мирзиеевдин жаңы резиденциясынын жолу үчүн үйлөр бузулууда

Бөлүшүү:

Бул тууралуу “Озодлик” радиосу өз булактарына шилтеме кылып кабарлоодо. Редакция алган маалыматтарга караганда, Ташкент облусунун Кибрай районундагы Байткурган кыштагында жүздөн ашуун үй сүрдүрүлгөн.

Дагы ондогон үй-бүлөлөр президенттин жаңы резиденциясына барган жолду кеңейтиш үчүн турак жайы бузулары жөнүндө эскертүү кат алышкан.

Үйлөр “президенттик трасса” үчүн буздурулуп жатканын “Озодлик” жергиликтүү аткаминерлердин бири да ырастады.

Байткурган кыштагынын үйлөрү бузулганына нааразы болгон тургундары. 12-октябрь, 2018-жыл.

Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёевдин жаңы резиденциясынын расмий ачылышы былтыр 24-июлда, өзүнүн туулган күнүнө тушташ болгон.

“Озодлик” радиосунун өз булактарынан алган маалыматтарга караганда, резиденция Байткурган айылында, Чирчик дарыясынын эки жээгинде, табияты кооз аймакта жайгашкан.

Резиденциянын аянты бир нече гектар жана ал бийиктиги 4 метр келген дубал менен курчалган.

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун бир нече резиденциясы болгон. Ташкенттеги “Ак сарай” резиденциясында иштесе, шаар сыртындагы резиденциялары “Көк сарай” жана “Дурмень” деп аталган.

Ташкенттеги “Ак сарай” резиденциясы азыр Ислам Каримов атындагы илимий-агартуучу меморалдык комплекске айландырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: