Menu

Махабат Мавлянова, депутат: Беделимди түшүрүш үчүн каралоо кампаниясын жүргүзүштү

Бөлүшүү:

– Махабат Эргешовна, Кытай туристтерине визасыз режимди киргизүү тууралуу сунушуңуз коомдо катуу талкууланып, сиздин дарекке ачуу сындар айтылды. Деги эле ушул нерсе керекпи?

– Туура, менин көтөргөн демилгем аябай талаш-тартыш жаратты. Билимдүү инсандар, эксперттер сунушумду колдошту. Ал эми каршы болгондордун көпчүлүгү белгисиз адамдар. Алар социалдык тармакта фейк аккаунттар аркылуу чагымчыл маалыматты таратып, менин пикиримди бурмалоо аракетин көрүштү. Түпкүлүгүн алганда, Кытай туристтерине визасыз режимди киргизүү мааниси ошол туристтерди тартуунун гана жолу. Дүйнө жүзүндө көпчүлүк өлкөлөр, ошол туристтерди тартуу үчүн ар түрдүү жеңилдетүүлөргө барышат. Туризм тармагын өнүктүрсөк экономикага чоң салымын кошот. Бирок элди коопсуздук маселеси тынчсыздандырып жатат. Анткени «мамлекеттик органдар коррупциялашып калган, Кыргызстанга кирген кытайлар калып калат, аларга паспорт жасатып алуу маселе эмес» дегендер чыгып жатат. Муну да туура түшүнсө болот. Бирок атайын группалык туристтик визасыз режимдин механизмдери иштелип чыгат. Ар кайсы эле адам туристтик компания ачып иштей албайт. Лицензия алган абройлуу гана компанияга уруксат берилет. Эки мамлекеттин ортосунда атайын келишим түзүлөт. Кытай тараптын туристтик компаниясы чек арага чейин коштоп келип, Кытай туристтеринин тизмесин берет. Кыргызстан тараптан тиешелүү туристтик компания өткөрүп алат. Кайра ошол тизме менен чек арадан чыгарат. Бул жерде көзөмөл күчтүү болот. –

– Сизди кытайлар менен тыгыз кызматташат, оюн-зоок кумарканаларын иштетет деген маалыматтар айтылды…

– Эми мунун баары кызылдай калп. Менин беделимди түшүрүш үчүн жалган маалыматтарды тараткан топ атайын каралоо кампаниясын жүргүзүштү.

– Сизге карата айтылган сындардан кийин, сиз социалдык тармакты көзөмөлгө алуу керектигин да белгиледиңиз…

– Азыркыдай экстремизм, терроризим күчөгөн шартта социалдык тармакта адамга, өлкө коопсуздугуна карата коркунуч күчөдү. Башка адамдын атын жамынган жалган аккаунттар аркылуу социалдык тармакта ар түрдүү ыплас иштерди жасоого мүмкүн экенин эл түшүнүп калды. Мына ушул нерселерге бөгөт коюш үчүн эл аралык деңгээлде чара көрүүнүн механизмдерин иштеп чыгышыбыз шарт. Ал үчүн эл аралык компанияларга («Фейсбук», «Твиттер» ж.б.) жоопкерчиликти күчөтүүбүз зарыл.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: