Кыргыз өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун былык иштери, кадрлык алешемдиктери боюнча ММКларда көптөгөн материалдар жарыяланды, бийлик тарабынан чара көрүлгөн жок. Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги башаламандык тууралуу да жазылып, ага эч реакция кылбай келишкен. Акыр аягы кандай бүткөнүн көрдүк. Так ошол сыңары Абдыкалыктын ашмалтайы чегине жетип, жарылганга чейин күтпөй, чара көрбөйбү? Токой чарбасындагы сол чөнтөккө солонгон каражаттарды айтылып эле жатпайбы.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ