Menu

Ошто кызын чынжыр менен тушап салган атасына иш козголду

Бөлүшүү:

Ошто кызынын бутун чынжыр тушап салган атасына Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, 5-октябрь күнү Ош шаарынын эс алуучу бактарынын биринде, бир бутуна чынжыр менен жүргөн кыз тууралуу жарандар тарабынан Ош шаардык ички иштер башкармалыгына билдирилген. Маалыматты тактоо боюнча барган ыкчам-тергөө тобу чындыгында эле 2009-жылы туулган кыздын бир бутунда кулпу менен бекитилген чынжырдын бар экенин көрүшкөн, жана окуяны тактоо үчүн тергөө кызматына алып келишкен.

Кыздын көрсөтмөсүнө караганда аны атасы шоктонгондугу үчүн эки бутун чынжыр менен тушап, байлап койгон. Ал эми атасы болсо кызынын өзгөчө шоктугу жана көчөгө көп чыга бергендиги үчүн биринчи ирет эле коркутуп коюу максатында ушундай ишке баргандыгын айтты.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, кыз тушалган боюнча сыртка чыгып кеткен. Бир бутундагы чынжыр болт менен бекитилгендиктен аны оңой эле чыгарып алган, ал эми, экинчи бутундагы чынжыр кулпулангандыктан чыгара албастан жүргөн. Учурда ар тараптуу иликтөө, тергөө иштери улантылууда.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: