Menu

Бишкек шаардык жана Ленин райондук милициянын бир катар кызматкерлери жазаланды

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлери жазаланды. Буга себеп катары Бишкектин №47-мектебинин 8-классынын окуучусунан акча талап кылып, 9-класстын эки окуучусу ур-токмокко алганы түрткү болгон. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы  бүгүн, 16-октябрда  билдирди.

Кызматтык иликтөөнүн натыйжасында  Бишкек шаардык ИИБнын ички иликтөөлөр кызматынын бөлүктөрүнүн башчылары тапшырылган иштердин  начар уюштурулганы, коопсуздукту камсыздоо милдеттерин так аткарбагандыгы, жана көзөмөл  жүргүзбөгөндүгү, жашы жетелектер арасында профилактикалык иштерди начар жүргүзгөндүгү үчүн  дисциплинардык тартипте төмөндөгүдөй жазаланды:

-Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси И.Т. га кызматына толук туура келбестиги жарыяланды

-Бишкек шаардык ИИББнын жашы жетелектер арасындагы иштерди жүргүзүү жана коомдук  коопсуздукту камсыздоо кызматынын улуу инспектору Т.Ж. сөгүш алды

-Ленин райондук ИИБ жетекчисинин орун басары Д.К сөгүш алды

-Ленин райондук Коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматынын жашы жетелектер арасында иш жүргүзүү испекциясынын жетекчиси А.А сөгүш  алды

-Ленин райондук Коомдук коопсуздукту  камсыздоо кызматынын жашы жетелектер арасында иш жүргүзүү испекциясынын инспектору кызматынан төмөндөтүлдү

Буга чейин  №47 мектепте кичине класстардын окуучулары мектеп рэкеттери тарабынан акча алып келбегендиги үчүн сабалып жүргөндүгү белгилуу болгон. Жабыркаган балдардын биринин апасы  социалдык тармактарга токмок жеген уулунун сүрөтүн жарыялаган.

Окуядан соң аталган мектептин мүдүрү  Салтанат Курманалиева кызматтан алынган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: