Menu

“Депутатка чалам, көргүлүктү көрсөтөм!”- деп кыргыздарды коркуткан кытай жараны 5 суткага камалды

Бөлүшүү:

Бишкектин “Император” ресторанында “Депутатка чалам, көргүлүктү көрсөтөм” ”- деп кыргыздарды коркуткан кытай жараны 5 суткага камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 15-октябрда Фейсбукта Кытай жараны  ресторандын башка конокторуна орой мамиле жасап, “Депутатка (болжол менен  Салайдин Айдаровго)  чалам, көргүлүктү көрсөтөм!”- деп коркутуп жаткан видео тараган.

Милиция 13-октябрда  мурда брондолгон столго  арасында Кытайдын жарандары бар адамдар келгенин  айткан.

Маалыматка ылайык, окуя 13 октябрда “Император” ресторанында болгон, анда Кытай жарандары алкоголдук ичимдиктерди ичип, мас абалында үнүн катуу чыгарып, ырдагандан улам коңшу столдо отурган айымдар менен уруша кеткен.

Издөө иштеринин натыйжасында 1971-жылы туулган В. Б. аттуу Кытай жараны кармалган, суракта ал чынында эле “депутатка чалам” деп айтканын мойнуна алган. Кийинчерээк ал уруша кеткен айымдардан кечирим сураган, бирок милиция кызматкерлери ага карата КР Административдик кодексинин “майда башаламандык” беренеси боюнча иш козгоп, ишти Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн, ал жерде бүгүн, 16-октябрда шектүүнү 5 күнгө камоо тууралуу чечим кабыл алынган.

Булак:KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: