Menu

Өгөй кыздарын бир нече жыл зордуктап жүргөн Чүй облусунун тургуну өмүр бою эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Чүй облусунун тургуну бир нече жыл өгөй кыздарын зордуктап жүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2013-жылы Николай(ысымдар өзгөртүлгөн) мурунку никеден Дарья жана Катерина аттуу жашы жете элек кыздары бар Мария менен чогуу жашап баштаган.

2014-жылы  Николай Катяны “ойноп кел” деп эшикке жөнөтүп жиберип, Дарьяны үйүнө камап алып зордуктаган. Андан соң “эгерде бирөөгө айтсаң өлтүрүп койом” деп коркуткан.

Кичүү кызы Катеринага дагы кээ-кээде сексуалдык мүнөздөгү кылыктарын кылып жүргөндүгү тууралуу дагы маалыматтар бар.

Шектүү күнөөсүн мойнуна алуудан баш тарткан, кыздары ага карата жалаа жаап жаткандыгын айткан.

Жабыркагандардын апасы Мариянын айтымында ал көп убакыт бою жолдошунун кылыктарын билбей жүргөн. Бир күнү ал шаарга кетип жатканда улуу кызы катуу ыйлап, баардыгын айтып бергенде, аны дароо ооруканага алып жөнөгөнүн, бирок ал жерде дарыгер жок болгондуктан милицияга барып арыз жазганын билдирген.

Тергөө учурунда кыздар бардыгын айтып беришкен.  Катя болсо ал киши мага “жакында силердин апаңар өлөт, ошондо мен сага үйлөнөм”-деген деп айткан.

Сот шектүүнү күнөлүү деп таап, аны өмүр бою эркинен ажыратты

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: