Москвада каза болгон кыргыз жаранынын сөөгү кечээ 16- октябрда мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз диоспарасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
“Дүйшөмбү, күнү жүк 200 тү ташуучу рейс жок болгондуктан сөөктү жөнөтө албай, эртеси күнү жөнөттүк. Сөөктү жөнөтүүгө жардам берген мекендештерге терең ыраазычылык билдирем”,- деди Кошматов.
Эскерте кетсек, 13- октябрь күнү кечинде Москва шаарындагы “Кузьминки” метросунда кыргыз мигранттарынын арасында мушташ чыгып, натыйжада 19 жаштагы Ж.А аттуу Токтогул районунун тургуну бычактан жаракат алып каза болгон.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ