Menu

Марс Сариев, саясат талдоочу: Фарид Ниязовдун эскертүүсү оюнчук эмес

Бөлүшүү:

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын төрагасынын мурдагы орун басары Фарид Ниязов президенттин шайланганына бир жыл болгону менен куттуктап, “Мындан толук бир жыл мурун президенттик шайлоо өтүп, биздин талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен” – деген билдирүү жасаган. Ал кутуктоосунда: “Өлкөдөгү саясий акыбал, саясий күчтөрдүн бизди ар тарапка бөлүп кеткенине карабай Сооронбай Жээнбековду жалпы жеңишибиз менен куттуктайм” – деп айткан. Ниязов мындан тышкары, 2017-жылдын 15-октябрындагы шайлоодо Жээнбековдун утуп чыгышында айыл-шаарларда жан үрөп иштеп берген активисттер менен үгүтчүлөрдүн эмгеги зор болгонун эскертет. Ал мындан тышкары, учурда ички саясий кырдаалдын өзгөрүүсүнөн улам айрым нааразылыктар бар экенин, бирок тарых баарын өз ордуна коёрун белгилейт. “Бул кайрылуунун артында эмне жатат? “деген суроонун айланасында саясат талдоочу Марс Сариев менен маектештик.

– Фарид Ниязовдун кайрылуусу жөнөкөй куттуктоо эмес экени көрүнүп турат. Мындай кайрылуунун максаты кандай, артында эмне бар?

– Ооба, бул жөнөкөй куттуктоо эмес. Сооронбай Жээнбеков шайлоодо ийгиликке жетишине, КСДП анын ар бир мүчөсү, активисттеринин салымы чоң. Аны баары билет. Фарид Ниязовдун кайрылуусу, бул Атамбаевдин сөзү да. Бирок менимче, бул эскертүү менен азыркы экс-президенттердин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча каралып жаткан маселеге кулак кагыш болгондой. Анткени парламент ошол жакка ооп жаткандай. Азыркы абал, логика да ошол жакка түртүп жатат. Ошону эске алуу менен азыркы президент кандай бийликке келгенин дагы бир эске салуу аракети болду. Бул чоң эскертүү. Абал чындап курчуп кетиши мүмкүн. Сооронбай Жээнбеков чечим кабыл алышы керек.

– Ал кандай чечим кабыл алышы мүмкүн?

– Эми азыр акырын, дипломатиялык жол менен кайрылуу жасалып жатпайбы. Мындай кайрылуу жалпы коомчулукка жарыяланып жатканы, биздин элита өзүнчө, жекеме-жеке сүйлөшө албаганы, маселени ич ара чече албаганынан кабар берип турат. Менин оюма кол тийбестик алынышы мүмкүн. Так андай чечим кабыл алынарын күтө туралы, убакыт көрсөтөт.

– Бир жыл мурун Жээнбеков менен Атамбаевдин мамилеси кандай эле, баарыбызга маалым. Азыркы кайрылуулар же башка сүйлөшүү жолдору менен ортодогу мамиле мурунку калыбына келиши мүмкүнбү?

– Азыркы президент коррупция менен күрөшөм деп, катуу киришкени маалым. Экс-президенттин эң жакын адамдарынын мыйзамсыз иштерин ачыкка чыгарып, аларга иш козголуп жатат. Анан эл күтүп жатат. Логикалык жактан караганда ал уланышы керек. Бирок этика жактан, корпоративдик кызыкчылыкты караганда башка маселе болуп жатат. Ошон үчүн таразалап, туура чечим кабыл алыш керек. Бирок, азыр мамиле кайра мурунку калыбына келип, жылуулук пайда болоруна ишенбейм. Анткени андай болсо, Жээнбеков алган курс, таптакыр жоюлуп, рейтингин жоготот. Ал эми кол тийбестик алынса, Кыргызстанда саясий абал курчуп кетүү коркунучу да бар. Бул абал, эскертүү “Кытайдын акыркы эскертүүсү” дегендей болуп жатат.

“Марал”

Булак: “Майдан”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: