Массалык маалымат каражаттарында Түркиянын Анталия шаарындагы кыргыз жарандарынын эмгек укуктарынын бузулушу тууралуу ар кандай маалыматтар тарап жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 16-октябрда өз билдирүүсүн таратты.
Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын Генералдык консулдугунун маалымытына ылайык, Анталия шаарынын Консулдук пунктунун вице-консулу менен “Фиеста Сервис” жумушка орноштуруу агенттигин өкүлүнүн ортосунда телефондук сүйлөшүү болгон. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, өкүл жарандар иштеп жүргөн мейманкананын жетекчилиги кыргыздарга иштеген акыркы 2,5 ай үчүн эмгек акысын бербей, жана кайра кайтып келүүгө билет менен өз убактысында камсыз кылбаганын, бирок бул маселени мейманкананын жетекчилиги ушул аптанын соңуна чейин чечип берүүсүн убадалаганын билдирген. Аны менен бирге агенттиктин өкүлү кыргыз жарандары Түркиядан кеткенге чейин жашап турууга мейманканага киргизилгени, ал эми алар “жашаганга жери жок калды” деген маалымат чындыкка жатпаганын белгилеген. Бирок бул суроо боюнча кыргыз жарандары тарабынан Генералдык консулдукка эч кандай кайрылуу болгон эмес.
Маселе Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Генералдык консулдугунун көзөмөлүнө алынды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ