Menu

Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа 10 жылкыны өлтүрө сүзүп кетти

Бөлүшүү:

Милиция бул кырсыкта  жылкычы менен  айдоочунун кимиси күнөлүү экендигин териштирүүдө.

Жалал-Абад облусунда оор жүк ташуучу унаа  жолдон өтүп бараткан жылкы үйүрүн сүзүп кеткен.  Бул тууралуу облустун жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз катчылыгы билдирген.

Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, кырсык кечээ,  16-октябрда  таңкы саат  04:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун 448-чи чакырымында болгон.

Милициянын билдирүүсүндө, Баткен облусунун Сүлүктү районунун 1984-жылы туулган  Тилек А. атуу жаран өзүнүн «Мерседес-Бенц 2540» үлгүсүндөгү унаасында Бишкекти көздөй кетип бара жатканда жолго жылкы үйүрү чуркап чыккан. Күтүлбөстүктөн ал токтогонго үлгүрбөй калып, 10 жылкыны сүзүп кеткен, алардын жетөө ордунда жан берген, үчөөнү болсо кийинчерээк мууздап салууга туура келген.

Азыркы учурда иштик материалдар тергөө  бөлүмүнө өткөрүлүп, ким күнөлүү экендиги изилденүүдө.

«Эгерде айдоочу күнөлүү деп табылса, ага карата жаза тергөө иштеринин жыйынтыгы менен аныкталат»-, деп билдиришти милициядан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: