Menu

Үй

Бөлүшүү:

1996 жылы 3 декабрында Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өтүп, анда бир эле маселе каралды, ал уюштуруу маселеси эле.

Жалал-Абад областынын ошол кездеги губернатору Бакиев Курманбек Салиевич шаардын депутаттарын президент Акаев Аскар Акаевичтин Жалал-Абад шаарынын мэрлик кызматына Кененбаев Болотбек Осмоновичти дайындоо жөнүндөгү жарлыгы менен тааныштырды. Депутаттар жаңы мэрди жакшы кабыл алганы алардын жүзүнөн эле билинип турду.

Болотбек Осмонович биздин шаарга келгенге чейин Бишкек шаарындагы Свердлов районунда администрация башчысы болуп иштеп турган. Союз мезгилинде комсомолдон тарбияланып, өсүп чыккан. Талас областтык комсомол уюмунда биринчи катчысы болгон. Шаардын жетекчиси катары жакшы жактарын көрсөтө алды десек болот.

Бул киши абдан сыпайы, маданияттуу эле.

Аппараттык жыйын болобу, коллегиянын жыйынындабы, же башка чогулуштарда болобу эч качан кайсы бир жетекчиге карата заарын чачып, эмоцияга алдырып, албууттанып сүйлөгөн эмес. Бардык сөздү токтоолук менен сүйлөп, жагдайды жатыгы менен түшүндүрчү. Ошондон уламбы, айтор ар ким өз ишин билип, аткарып, иш ыргагы менен жакшы кетчү.

1997-жылдын күзүндө Жалал-Абад шаарынын 120 жылдык мааракесин өткөрүү ушул кишинин бийлигине туш келди. Ошол жылы шаардын мааракесине карата 2 жолу лотерея билети ойнотулуп, андан түшкөн каражат шаарды көрктөндүрүүгө жумшалды.

1999-жылы Болот Осмоновичтин 50 жылдыгы белгиленип калды, гезиттерге ал кишиге арналган куттуктоо-каалоолор чыгып жаткан. Эсимде “Жалал-Абад үнү» гезитине ал кишинин сүрөтү карала-торала болуп чыгып калыптыр, ал убакта сүрөт темирге чыгарылып, анан кагазга басылчу. Ошол сүрөттү кээ бир кошоматчылар өзүнө көтөрүп кирип, “муну караң, сиздин сүрөтүңүздү карала-торала кылып чыгарып коюшуптур’’- деп өзүнө көрсөткөндөр болуптур. Ошондо ал киши: “Булардын ишин да туура түшүнүү керек, бул атайын жасалган иш эмес”- деп тигинин өзүн өчүрүптүр.

Болотбек Осмонович шаарды башкарып турган жылдары “Спутник” кичи шаарчасындагы токулбаган материалдар фабрикасы (ФНМ), “Достук” кичи районундагы “Достук” базары, шаарыбыздын борборундагы “Мадумар-Ата”, “Шабдалызар” базарлары, Ленин көчөсүндөгү “Шермухаммед”, “Абдыкаар-Ата” кафелери сыяктуу коомдук тамактануу жайлары, башка дагы бир топ социалдык-маданий объекттер курулду, көптөгөн көчөлөрдүн аттары өзгөртүлдү. Шаардык билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында да бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.

Болотбек Осмонович мыкты жетекчи катары 2000-жылдын башында Президенттин администрация башчысынын биринчи орун басары болуп көтөрүлүп кетти. Бирок, бул киши көп ишти былгытып кеткени өзү кеткенден кийин билинди.

Мен бир жетекчини издеп Жалал-Абад курортуна барган элем. Мен издеген адам “Кут болсун” мейманканасында деп угуп, ошол жакка бастым. Мейманкананын кире беришинде төрт адам сүйлөшүп отуруптур. Салам айтып мен да алардын жанына отура кеттим. Тиги сүйлөп жаткан аксакал мени карап башын ийкеп койду да сөзүн улай берди.

– Эй буларың ошону кылат да, чемодан толгон күнү секин жылып алышат,- деп “туу” эте ачууланып түкүрүнүп койду. Байкап көрсөм сөз төркүнү “Кут болсун” мейманканасы тууралуу болуп жаткан экен. Көрсө биз мактап жаткан Болотбек Осмонович мэр креслосун ээлегендин эртеси күнү эле курорттун аймагынан 10 сотыхтан ашыгыраак жерди ээлеп, ушул “Кут болсун” мейманканасын менчигине кура баштаган экен. Куруп бүтүп, ичин түрдүү-түркүн эмеректерге толтуруп, пайдаланууга берип, жылып ийген экен.

Бүгүнкү күндө “Кут болсун” мейманканасы 26 млн. сомго бааланып, Жалал-Абад курортунун балансына өтүптүр. Кыргыз профсоюздар федерациясы “Кут-Болсун” үчүн Ысык-Көлүн жээгиндеги Ала-Тоо эс алуу үйүнүн аймагынан 3 гектар жерди Болот Осмоновичтин менчигине “белек” кылышыптыр. Мына мэр болбосоң коё кал, бул Кененбаевдин бир былгытмасы….

Экинчиси, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алыбаевдин 60 жылдык маарекеси белгиленип, Жокеге мэрия тарабынан бир үй берилмей болот. Облустук филармонияда үйдүн ачкычын губернатордун орун басары салтанаттуу түрдө тапшырат.

Мына ушул үйдүн Жокеге тапшыруу аземи Болот Осмоновичтин бешенесине туш келет. Жоке бир-эки жолу мэрияга барса шефке киргизбей коюшат. Болот Осмонович өзү да Жолболду деген ким эле деп билмексен болуп каадаланат.

Мындай көрүнүшкө жини келген Жоке үйүнө барат:

Аяган ошол үйүңдү

Аягыңа берип кой

Шагымды менин сындырган

Шаабайымды сууткан

Шаардагы ошо үйүңдү

Шалбар кылып кийип ал

Аздык кылса ал дагы,

Чепкен кылып тигип ал,

Жонуңа каптап кийип ал

Өзгөдөн өйдө санаган

Өзүңөргө капамын

Бербесең койчу үйүңдү

Мен Өзгөнүмө батамын! (ыр кыскартылып берилди)

– деп ушул ыр саптарын кураштырып келе жатса жолунан белгилүү журналист Рыспай Жумабеков чыгат, Жоке ырды Рыспайга көрсөтөт. Рыспай окуп көрүп “мага бер, мен радиодон эфирге кетиремин, жакшы ыр экен”- дейт. Жолболду: “кетирсең кетире бер”- деп басып кетет. Ушинтип бул ыр радио аркылуу бүт республикага “дүң!» дейт.

Ырды уккан мэрибиз Болот эртеси күнү облусттук маданият бөлүмүнө буту күйгөн тооктой бүжүрөп жетип барат. Ал жерде төкмө акын Рахматулла Козукеев менен жазуучу Асанбай Жусупбековго жолугат.

Болот:

– Э, тагалар (Болоттун апасы Аксылык) ушул жакшыбы, Жокени кой деп койсоңор болбойт беле, акыры мага барбайбы маңдай-тескей олтуруп сүйлөшөт элек, чечиле турган маселе болсо чечет элек,- деп жакшы киши болот.

Тиги экөө “ырдан кабарыбыз жок экен, Жолболду болсо бул жерде иштебейт, Ошко которулуп кеткен”- деп жооп беришет.

Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин мэрияга Рыспай Жумабеков менен акын Рыспек Салбаров барышат. Оозу сүткө күйүп калган Болот Осмонович тиги экөөнү угар замат кабыл алат, тиги экөө “ырды радиодон кетирген биз элек, эл суранып жатат, кайрадан кетиребиз”- дейт. Болот жалооруган абалда “койгулачы” деп суранат.

– Анда “проблема” бар, жардам бер,- дейт Рыспек Салбаров.

– Кандай проблема?

– Менин үй салганга жерим жок чек бергиле,- дейт.

Болот Осмонович макул болуп бир сутканын ичинде чектин документтерин даярдатып Салбаровдун колуна карматат. Ушинтип Жолболду куру калат, эки ортодо Салбаров пайдаланып чек алат. Болот болсо “Жолболдудан үнөмдөп калган үйдү башка бирөөгө нак акчага сатып, чемадандын кемтигин толтуруп кетти”,- деген сөз эл ичинде айтылып жүрөт. Болот Осмонович тууралуу кызыктар көп, кийинкилерин дагы окуйсуздар, азырынча ушул.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: