Menu

“Шанфэн цементтин” иштебей турушуна кимдер кызыкдар?

Бөлүшүү:

Кыргыз зкономикасы азырынча өз алдынча баш көтөрүп кете албасы иттин баласына да түшүнүктүү. Ошондуктан, “өлбө жаным өлбө” абалда дем алып жаткан экономикабызга жан киргизиш үчүн чет элдик инвестициялардын ролу абдан жогору. Мунун зарылдыгын президенттен баштап, катардагы айыл өкмөт башчысына чейин айтып келе жатат. Бирок, иш жүзүндө, акчасын көтөрүп, өндүрүш ачууну белсенген инвесторго жасаган мамилебизден көңүл айланып кетет. Буга чейин андай мисалдар өтө көп болгондуктан, инвесторлор өлкөбүздү жети айланып өтүп калган, кээ бирлер гана финансысын тобокелчиликке салып, босогобузду аттоого мажбур.

Мына ошондой тобокелчилик менен иш баштоо ниетин кытайлык “Шанфэн цемент” компаниясы да билгизген. Алар алгач Кемин районунун Октябрь айылдык кеңешинин уруксаты менен 30 гектар жерди 49 жылга ижарага алышкан. Бул жерге жаңы, заманбап технологиялар менен жабдылган цемент завод курулмакчы болгон. Аны “Шанфэн цемент” менен “ЗЭТ Интернешнл Инвестмент” компанияларынын биргелешип түзгөн “Шанфэн ЗЭТ Цемент” ишканасы куруп, жетекчиликке алмак. 2015-жылдан январынан 2017-жылдын апрелине чейин компания 919.3 миллион сом инвестиция жумшап, курулушту баштаган. Анын ичинде салык, социалдык төлөм катары 24 миллион сом бюджетке түшкөн. 23 миллион сом жергиликтүү тургандардан турган жумушчуларга айлык акы катары кетсе, 550 млн. сомдон ашыгы жергиликтүү компанияларга кызмат акысы катары төлөнгөн.

Бирок, инвестор катары өз милдеттерин так аткарып келе жатканына карабастан, 2017-жылы өкмөт башчы, айрым депутаттардын кысымынын натыйжасында, “Шанфэн ЗЭТ Цемент” өз ишин токтотүуга мажбур болгон. Расмий бийликтин, эл өкүлдөрүнүн дооматтары күлкү келерлик – алардын айтымында, цемент завод иштей баштаса, ага жакын жайгашкан “Датка Кемин” подстанциясына зыян тийет имиш, өндүрүштөн чыккан чаң, буу электр чубалгыларына жабышып, жарылып кетет экен. Экинчи жагынан Ысык-Көлгө кетип жаткан туристтер да чан жутуп, ден-соолуктарына залака келтирилет имиш. А жакын жайгашкан айылдардын элинин өмүрүнө коркунуч жаралат тура… Айтор, мына ушуга окшогон жомокторду ойдон чыгарышып, жыйынтыгында заводдун курулушу токтоп калган. Расмий бийлик коюлган дооматтары негиздүү экенин далилдеген эч кандай далил бере алышкан эмес. Чындыгында, бул маселени көтөрүп, ызы-чуу салган адамдар өздөрүнүн гана жеке кызыкчылыгын көздөгөн экен. Алардын баарынын Кыргызстанда иштеп жаткан цемент заводдордо үл үшгөрү бар, болбоду дегенде алар менен келишип алып иш кылышыптыр. Мына, ата-мекендик саясатчылардын өз өлкөсүнө күйгөндүгү. Жалпы-жонунан 120 миллион доллар инвестиция салып, кеминде 1 миңден ашуун элди жумуш менен камсыз кылууга аракет жасаган “Шанфэн цементти” булар күчтүү атаандаш катары көрүшкөн. Себеби, бардык заводдордо эски технология колдонулат, андан чыккан арам суу жаратылышка зыян. Көп жылдан бери өлкөдө чыккан цементтин сапатына да дооматтар көп.

“Шанфэн ЗЭТ Цемент” компаниясынын башкы директорунун орун басары Юй Цзюцзиньдин маалыматы боюнча, цемент заводду иштетүүдө заманбап, зыянсыз жаңы технологиялар колдонулат. “Шанфэн” өз өлкөсүндө мындай ондогон заводду иштетип келатат. Анда цементти чыгарууда NSР аталган жаңы алдыңкы ыкма колдонулат. Мунун артыкчылыгы – цементти алууда кургак ыкма колдонулат, суу сыртка чыкпай, айланып колдонула берет.  NSР технологиясы жогорку сапатты, кубаттуулукту, энергияны экономдоону шарттайт, жаратылышка зыяны жок. Курак ыкма колдонулганда мештен чыккан газдын көлөмү 40 пайыз азаят, демек, чаңдын чыгышы дээрлик жоголот. Ошондуктан, чаң чыгып, элге зыянын тийгизерин жомокчулар башка жерге барып айтсын.

Жомокчулар чуу көтөргөндөн кийин заводдун санитардык зонасынан “Датка-Кемин” подстанциясынан чейинки аралык, анын тийгизген таасири боюнча Францияда жайгашкан эл аралык “Ramboll Environ” эксперттик компаниясы изилдөө жүргүзгөн. Алардын тыянагына караганда, заводдун иштеши менен подстанцияга эч кандай зыян тийбейт. Кыргызстандагы нормаларга караганда ортодогу аралык 500 метрден кем болбошу керек, а француз компаниясы ал аралык 1400 метрди түзөрүн аныктаган. Башкача айтканда, заводдун иштешине эч кандай тоскоолдук жок.

“Шанфэн цемент” Кытайдагы мамлекеттик үлүшү бар компания. Анын карамагында жаңы муундагы бир нече завод ийгиликтүү иштеп жатат. Кытайда элдин саны көп, жыш жайгашкан. Ошол аймактарда заводдор иштеп эле келе жатат. Эгерде элге зыяны көп болсо, өкмөт уруксат берет беле? Кытайда бизге караганда мыйзам каардуу. Биздин чиновниктердин жоопкерчиликсиз мамилесин сезип, башка мамлекетке кетип калышса, анда жогорку сапаттагы цементти кошуна мамлекеттерден сатып алып калабызбы?

Кемин районундагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эксперт Жанарбек Жумаевдин сөзүнө караганда, заводдун элдин саламаттыгына болгон таасири боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөн. “Мен буга чейин жергиликтүү санэпидкөзөмөл борборунун башчысы катары заводдун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин изилдеп чыккам. Калктын саламаттыгына терс таасир тийгизген бир дагы фактор аныкталган эмес. Санитардык чектер толук сакталган. Чаң учуп чыгат деп атат го. Андай болгон күндө деп шамалдык багытын да иликтеп чыктык. Шамал бизде негизинен батыш-чыгышты көздөй жүрүп турат. Зыяндуу чаң чыккан күндө да ал тоону карай кетет, подстанцияга же калктуу пунктка келбейт. Ошондуктан, заводду иштетиш керек. Жергиликтүү элде жумуш жок. 1 миңдей адам жумуш менен камсыз болот экен. Эмнеге ойлонуп олтурабыз, түшүнбөйм”,- дейт ал.

“Шанфэн ЗЭТ Цементтин” ишке киришин жергиликтүү эл чыдамсыздык менен күтүп жатат. Президент С.Жээнбеков быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп атабадыбы. Аталган цемент завод ишке кирсе, Кеминде жакшы өзгөрүүлөр жүз бермек. Ошондуктан ажобуз чектен чыккан чиновниктерди тыйып, инвесторго жардам колун сунса жакшы болот эле…

А.Сатындиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: