Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалды. Тишел буйрука президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмөн билдирди.
Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктап, эл аралык байланыштар боюнча адистигине ээ болгон. 2001-жылы ошол эле университеттин юриспруденция боюнча магистратурасын бүтүргөн.
Эмгек жолун 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ Башкы башкармалыгында атташе кызмат ордунда баштаган.
2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкы башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өтөгөн;
2003-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы;
2005-2008-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү;
2008-жылы – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
2008-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилигинин кеӊешчиси;
2011-жылы – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы байлан
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ