Ош шаарында “Төлөйкөн” ат майданында 29-октябрдан 3-ноябрга чейин көк бөрү боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу көк бөрү федерациясынан билдирди.
Мелдеште Ош, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустары жана Бишкек, Ош шаарларынан түзүлгөн 9 команда мөөрөй талашат.
Аталган мелдештин байге фондусу — эки миллион сомду түзөт. Ал эми баш байге ээсине 500 миң сом ыйгарылат.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ