Menu

Москвада кыргызстандык мекендештерин карактоого шектелген эки киши кармалды

Бөлүшүү:

Москвада Кыргызстандан барган эки жаран таксист болуп иштеген мекендештерин карактоо, опузалоо, акча талап кылуу шеги менен кармалды.

ИИМ маалыматы боюнча алар өздөрүн К.К. аттуу мыйзамдагы уурунун кишилерибиз деп тааныштырышып, мекендештерин таксопарктын аймагында тоноп жүрүшкөн.

Жабырлануучулардын биринен 1600 АКШ долларын, паспорт, телефон жана башка баалуу буюмдарын тартып алып, андан соң дагы акча талап кылууну улантышканы айтылууда. Ошол эле маалда алар каражат кылмыш ишин жабуу үчүн керек болгонун билдиришкен.

9-октябрда мекендешинен 10 миң рубль акча алып жаткан жеринен 26 жаштагы Мадияр Касымбеков, 25 жаштагы Абдилманап уулу Аскар кармалган.

Таксомотордук компания имаратынын ичинен акчалар, пистолет, 54 кишинин айдоочулук күбөлүгү, 35 паспорт жана үч аскердик билет табылган. Иликтөө жүрүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: