Menu

Төрөбаевге жан кирген сыяктуу

Бөлүшүү:

Саясатта ар кандай кырдаал жаралат. Бирде аңыраңдатып тоого чыгарып, мактандырса, кээде көзүнөн чаар чымын учуруп аргасын алты кетирет. Анын сыңарындай учурунда “Беларусь” маркасындагы трактирлерди айдатып, айылды аралатып  даң салган “Өнүгүүнүн” лидери Бакыт Төрөбаевдин доор сүргөнүн унута элекпиз. Анан эле “төрттүктөр” союзунан чыгып, олигархтын жан-жөкөрүнө айланды. Бирок, жыйынтыгында пыш этип жели чыгып, эмне кылар айласын билбей бышмыйып отуруп калган. Тигиниси сыртка зуу койгондо өзү миң ийилип “көзүрдөн” кечирим сурап атып аман калган.

Андан бери бир жылдан ашык убакыт өттү. Мурдагы башчы кетип, жаңысынын кадамдары ташталды. Айрым кишилерге бийликтин жарыгы тие баштады. Анын үстүнө парламенттик шайлоо барган сайын жакындап келатат. Лидерлер мезгилдин талабына ылайык түздөнө башташты. Ал тургай партиясы бүктөмдө калгандар дагын кыймылга келүүнү көздөшүүдө. Ушундан уламбы, Төрөбаев кичине чээнден чыгып, жаңысына жагалдангандай түр көрсөттү. Анысы заматта эле ачыкка чыкты булактап. Эскирип бараткан Дача Сууну кантебиз деген “сырынын” төркүнү каякта? И-ии дал кеткен кишинин этегин ачууга болгон аракетпи я десек кантип болбосун? Башынын жарымы “кайнак суунун” ичинде турганда кантип жалдыраганын унутуп калса эсине салып коелу Бакыт “пашанын”. Эртең эле бийлик алмашканда ушул адатына салып жибербейт деп ким кепилдикке өтө алат? Эч ким. Демек, оокатыңды таза жасоого бел байлабасаң алаңдан кайра илинесиң орток Төрөбаев.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: