Баткен облусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 22 адам жаракат алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Татыр айылында «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү эки кичи автобуз сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1976- жылы туулган Сүлүктү шаарынын тургуну С.Н каза болуп, калган 22 адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ