Menu

“Азия ньюс”: Ахматбек Келдибеков камалганда биздин гезит колдогон

Бөлүшүү:

Бул факт. Тагдырдын тамашасы ушундай тура. Азыр минтип соттошуп калдык. Албетте, жакшылык жасаганыбызды колко кылбайбыз. Бирок, өткөн күндөрдөн да сабак алыш керек. Ток этери, Ахмат мырза менен кайым айтышууга ниет деле жок, болгону соттордун аша чапканына теригип, сөз эркиндиги жана демократияга шек кетип атканына жаным кашайып турат.

Экс-спикер Ахматбек Келдибеков «Азия Ньюсту» сотко берген. «Кадыр-баркыма шек келтирди» деген мааниде. Ошентип, Октябрь райондук соту Азизовдун 1 миллион сом айып пул салган чечими колго тийди, экинчи сот Абакиров да 1 миллион сомго жыккан, бирок, анын кагаздары расмий түрдө бүтө элек. Мен сотто философиялык мааниде айткам, «адамдын кадыр-баркы миллион менен чектелбейт, балким эбегейсиз көп болушу мүмкүн» деген мааниде. Ооба, намысты пул менен эмес (эң оболу сөз болгон), түшүнүшүү менен чечишсе болот. Экс-спикер досторуна айтып атат: «Мен 2 миллион сомду кары-картаңдар менен балдар үйүнө котором» деп. Ахмат мырза тээ Акаевдин доорунда Соцфондун төрагасы болуп, аялуу элдин катмарына жакшы эле кызмат кылган да. Ошол жакка эмгеги сиңген. Балким, каарманым динибиздеги ыйыктык – сабырдуулукту карманып, доолашуудан баш тартышы мүмкүн…

Ал эми соттор Азизов менен Абакировдун «Азия Ньюс» гезитин 2 миллион сомго жыгышы – өтө калпыс, чектен ашкан жорук. Калыстык, адилеттик мындай өкүмзордуктар менен орнобойт,тескерисинче, ырбатат да. Буга чейин соттор кандай гана мыйзамсыздык, ыплас чечимдерди алып келишкенин коомчулук билет. Эми оңолууга үмүт пайда болуп атса, булардын кедеринен кеткени кандай? Мунун өзү башкаларга да коңгуроо…

Жыйынтыгында, Сооронбай Жээнбеков «Азия Ньюс» гезитинин бүгүнкүдөй оор шартка кабылганына кайдыгер карабаса керек. Тарыхтагы эң күчтүү, акылман президенттер – алар адилеттүүлүктү тутунушканын жакшы билем…

Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: